Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:33

Таласта жакырчылыкты азайтууга арналган бир күндүк семинар болуп өттү


ТАЛАС. Бүгүнкү семинарды ПРООНдун жакырчылыкты жеңилдетүү долбоору өткөрүп, ага райондордун акимдери, айыл өкмөт башчылары, ошондой эле жакырчылыкты азайтуу багытында түзүлгөн өз ара жардамдашуу топторунун жетекчилери катышты. Талас өрөөнүндө жакырчылыкты жеңилдетүү долбооруна Талас районундагы Көпүрөбазар жана Акжар, Карабуура районунан Кызыладыр жана Балыкчы, Манас районунан Карача айылдары үлгү иретинде тартылган. Мындан тышкары ондогон башка айылдар да бул долбоордун программасы боюнча өз алдынча ийгиликтүү иш жүргүзүшүүдө. Семинардын жүрүшүндө чакан топторго микрокредит берүү, аларды кайтаруудагы кыйынчылыктар талкууланды. Бул долбоор иш жүргүзө баштагандан бери, облустагы 42 миңден ашуун үй-бүлөнүн 9 миңге жакыны өз турмуштарын оңдоп алууга жетишкендиги айтылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG