БИШКЕК. 1-майда Кыргызстандагы бир катар солчул партиялар Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнүн белгилешет. Бул тууралуу бүгүн Кыргызстан коммунисттер партиясынын лидерлеринин бири Николай Байло билдирди. Анын айтымында, 1-майда эртең менен Бишкектеги Кыргыз академиялык драма театрынын алдына 200дөй эл чогулуп, андан кийин алар Эмен багындагы Өчпөс оттун алдында чакан митинг өткөрүшөт. Ал эми Бишкек мэриясы 1-майда майрамдык, спорттук мелдештерди уюштурат.