Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:11

Кыргыз президентинин тун уулу үйлөнгөн атат


БИШКЕК. Президент Аскар Акаев ушул жума күнү тун уулу Айдардын үйлөнүү тоюн өткөрөт. Айдардын жактырган колуктусу - Борбордук Азиядагы Америка университетинин журналистика факультетинин студенти Сайкал Чокубаева. Маалыматтарга караганда, алардын үйлөнүү тою Аларча мамлекеттик резиденциясында, жакын досторунун, туугандарынын катышуусу менен өтөт. Президенттин болочок келини НБТ телеканалынын «Салам, Би» аттуу программасынын алып баруучусу катары таанылган. Жашы 21де, француз, англис тилдеринде эркин сүйлөйт. Ал Москвадагы кинематография институтун бүтүрүшкөн оператор Эдилбек Чокубаев менен актриса Гүлнара Чокубаеванын кызы. Айдар Акаев болсо азыр финансы министринин эл аралык байланыштар боюнча кеңешчиси, Америкадагы Мэриленд университетин бүтүргөн. Жашы 27де.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG