Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:17

Оштогу «Текстильщик» акционердик коому сатыла турган болду


БИШКЕК. Кыргыз өкмөтү Оштогу «Текстильщик» акционердик коомун сатуу боюнча 16-июлда эл аралык тендер өткөрөт. Бул тууралуу бүгүн тышкы соода жана өнөр жай министри Садриддин Жиенбеков билдирди. Анын айтымында, «Текстильщик» ишканасын алууга Орусия, Пакистан жана Кытай кызыгууда. Өкмөттүн колунда азыр акционердик коомдун 97,4% акциясы бар жана ошонун баары саттыкка коюлат. Алардын алгачкы баасы 1 млн. 950 миң доллар. Бирок «Текстильщиктин» карызы 500 млн. сом, анын үстүнө жабдуулары да эскирген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG