Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:59

Ошто өтө турган Борбор Азиялык экономикалык форумга коңшу мамлекеттердин делегациялары келет


БИШКЕК. 6-7-майда Кыргызстандын түштүк борбору Ош шаарында боло турган экинчи Борбор Азиялык экономикалык форумга Казакстандын, Тажикстандын жана Өзбекстандын вице-премьер-министрлери баштаган делегациялары келет. Бул тууралуу бүгүн өкмөттүн басма сөз департаментинин башчысы Надыр Момунов кабарлады. Анын маалыматына караганда, мындан тышкары форумга Орусиянын курамы 25 адамдан турган делегациясы, Дүйнөлүк Банк баштаган эл аралык финансы институттарынын, ПРООНдун өкүлдөрү катышат. «Борбордук Азиядагы кызматташуу: экономикалык интеграция процессин тереңдетүү» деп аталган форум Борбордук Азия мамлекеттеринин экономикасын интеграциялоо жана аны менен дүйнөлүк рынокко чыгуу жолдорун издөө максатын көздөйт. Андан тышкары, бул мамлекеттердин экспорттоо мүмкүнчүлүгү, инвестицияга карата муктаждыктары такталат. Бул маселелер энергетиканы, сууну, табигый байлыктарды бирге пайдалануу, транспорт, ишкердик жана айыл чарбасы боюнча иштей турган беш «тегерек столдо» талкууланат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG