Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:02

Премьер-министр Н. Танаев Эл аралык Валюта Фондунун миссиясынын башчысы менен жолугушту


БИШКЕК. Бүгүн премьер-министр Николай Танаев Эл аралык Валюта Фондунун Кыргызстанга келген миссиясынын жетекчиси Таапио Саавалайнен менен жолугушту. Таапио Саавалайнендин анда билдиргенине караганда, Кыргызстан Эл аралык Валюта Фондунун алдында буга чейин алган милдеттенмесин жакшы аткарып, конкуренцияга чыдай ала турган абалга жетти. Бирок, кыргыз өкмөтү менен фонддун ортосунда айрым карама-каршы жагдайлар бар. Алар кыргыз өкмөтүнүн буудай импортуна төлөмдөрдү көбөйтүшүнө, сырттан кирген тамекиге салынган акциздик салыкты көтөрүшүнө жана туризм тармагын лицензиялоо тартибин киргизүү аракетине байланыштуу пайда болду. Алардын себеби тууралуу маалымат берген Николай Танаев, импорттук буудайга төлөмдөр, тамекиге салынган акциз өлкөнүн өз товар өңдүрүүчүлөрүн коргош үчүн убактылуу гана киргизилгендигин, анын натыйжасына карата чечим өзгөртүлүшү мүмкүн экенин билдирди. Ошондой эле өкмөт башчысы туризм тармагын лицензиялоо чечими али кабыл алына электигин, ал маселе азыр иликтенип жаткандыгын айтып өттү. Эл аралык Валюта Фонду менен кыргыз өкмөтүнүн ортосунда кабыл алына турган кезектеги меморандум 7-майдагы жолугушууда талкууланат. Ошого жараша Кыргызстанга бериле турган кезектеги кредиттик транштын тагдыры чечилет.

XS
SM
MD
LG