Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:59

ПАКИСТАН МЕНЕН ИНДИЯНЫН ОРТОСУНДАГЫ КАРАМА-КАРШЫЛЫК КАЙРАДАН КУРЧУУДА


Бакыт Аманбаев, Прага 29-апрелде Индия өзөктүк дүрмөт менен кыска аралыкка учууга жөндөмдүү согуштук ракеталарын аттырып, сыноо өткөрдү. Индиянын мындай аракеттери коңшулаш Пакистан үчүн күтүүсүз окуя болду. Айрым эксперттердин пикиринде, жогорудагыдай аракеттер өзөктүк куралдарга ээ эки өлкөнүн ортосундагы карама-каршылыкты кайрадан курчутушу ыктымал

Индиянын премьер-министри Атал Бихари Важпаи өткөн жумада Кашмирге болгон иш сапары учурунда эки өлкөнүн ортосундагы мамилеге токтолуп, “Индия кырдаалды жөнгө салуу боюча Пакистан менен жаңыдан сүйлөшүүгө даяр” деп билдирүү жасаган. Расмий Делинин жогорудагыдай аракетине жооп кылып, бир нече күндөн кийин Пакистандын Тышкы иштер министри билдирүү таратты. Анда эки тараптуу мамилелерди жөнгө салуу боюнча Индиянын жогорудагыдай аракеттерин Пакистан колдой тургандыгы айтылган. Мындай расмий билдирүүлөрдөн соң, 29-апрелде Пакистандын өкмөт башчысы Зафарулла Жамали Индиянын премьер-министри менен телефон менен сүйлөштү. Сүйлөшүүнүн жыйынтыгы тууралу Пакистан өкмөтү тараткан билдирүүдө расмий Исламабад Индия бийлиги менен сүйлөшүүгө дайым даяр экендиги айтылган.

Мындан сырткары Пакистандын Тышкы иштер министри 29-апрелде Индияга жаңыдан кайрылуу жолдоду. Анда Пакистан Кашмирдеги чыр-чатакты эл аралык өкүлдөрдүн кийлигиштирүү менен чечүүнү сунуштады. Пакистан бийлигинин жогорудагыдай сунушуна Индия өкмөтү “Кашмирге байланыштуу талаш-тартышты тыштан бирөөлөрдү кийлигиштирбей, өзүбүз эле чечебиз” деп четке какты.

Соңку жарым кылымдан бери Индия менен Пакистандын Кашмир боюнча талашы басылбай келет. Саясий тирешүүнүн курчушу эки өлкөнүн жарыша куралданышына өзөктүк куралдарга ээ болуусуна ээ болуусуна алып келди. Индия өз кошунасын ислам террористерине жардам берип, Кашмирдин Индияга тиешелүү аймагында жардыруу уюштууда деп күнөөлөйт. Пакистан мындай айыптоону мойнуна албай, талаштуу деген жерди эл аралык эксперттердин кийлигишүүсү менен чечүүнү сунуштап келет.

Айтмакчы, 22-апрелде Индияга тиешелүү Кашмирдин аймагында жардыруу болуп, төрт адам каза болуп, бир нече адам жарадар болгон. Индиянын өкмөт башчысы Атал Бихари Важпаи мындай кырсыктан соң Пакистанды күнөөлөбөй, кырдаалды жөнгө салууга Индия даяр деген билдирүү жасаган. Мындай билдирүүдөн соң айрым саясатчыларда жакшы үмүт пайда болсо, айрымдары мындай билдирүүдөн жакшы натыйжа чыкпай тургандыгын айтышкан. Пакистан парламентинин өкүлү Фархатуллах Бабар билдирүүдөн соң төмөндөгүдөй пикирин айткан:

- Биз жакшылыкты үмүттөндүргөн чакырыкты колдойбуз жана бул эки өлкөнүн ортосундагы көп убакыттан бери токтоп калган мамилени жакшыртуу багытындагы маанилүү, жемиштүү сүйлөшүүнүн башталышына өбөлгө болот деп ойлойбуз.

Ал эми Британиянын “Жейнс” журналынын Делиде иштеген аналитиги Рахул Бедхи болсо башкача көз карашын айтты.

- Индиянын премьер-министринин мындай айтканында жаңы эч нерсе жок. Ал Пакистандын аларга тиешелүү аймакта террордук аракеттерди токтотуусун каалай турагандыгын билдирди. Ал эми Пакистан болсо мындай айыптоолорду дайыма четке кагып келет. Ошентип, эки өлкөнүн ортосундагы мамиле кайрадан эле мурдагыдай талаштуу бойдон калат.

29-апрелде Пакистандын Тышкы иштер министирлиги Кашмирдеги талаштуу жерди БУУнун Коопсуздук кеңешинин, Германиянын, Сауд Аравия жана Ирандын өкүлдөрүнөн турган комиссиянын кийлигишүүсү менен чечүүнү сунуштады. Исламабаддын мындай сунушун Индия өкмөтү четке какты. Пакистандын Тышкы иштер министри Хуршид Махмуд Касуринин айтымында, Индиянын жогорудагыдай сунуштарга макул болбой, Пакистанды терроризмге байланыштуу айыптоосу жана өз аймагында ракеталык сыноолорду өткөрүшү эки өлкөнүн ортосундагы мамиленин жакшырышына өбөлгө түзбөйт.

XS
SM
MD
LG