Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:05

Ливия 1988–жылы Локербиде болгон авиокырсык үчүн жоопкер экенин расмий түрдө моюнга алды


Өлкөнүн тышкы иштер министри Мохаммед Абдеррахман Чалгамдын бүгүнкү билдирүүсүнө караганда, Триполи анда курман болгон 270 адамдын ар биринин туугандарына үч бөлүп 10 миллион доллардан кун төлөп берүүгө даяр. Анын айтымында, Ливиянын бийликтери жогорудагыдай макулдашууга кырсыктын курмандыктарынын кызыкчылыгын коргоп жаткан батыштык адвокаттар менен жетишкен. Ливияга каршы киргизилген эл аралык санкциялардын жоюлушу ушул компенсациянын төлөнүп берилиши менен байланыштырылган. Ливиянын жарыясын комментарийлеп, Британиянын расмий өкүлдөрү Вашингтон менен консультация өткөрүп жатканын билдиришти. Шотландиянын Локерби шаарынын үстүндө америкалык учакты жардырууну уюштурганы үчүн Ливиянын чалгындоо кызматынын мурдагы агенти айыпталып, соттолгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG