Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:55

Ирактын Фаллужа шаарында америкалык аскерлер жергиликтүү демонстранттарга жооп ирэтинде экинчи жолу ок атты


Бул окуядан соң жергиликтүү дин ишмерлери америкалык командачылыкка кайрылып,калкты тынчтантуу үчүн аскерлерди шаардын борборунан чыгарып кетүүнү өтүндү. Маалыматтарга караганда, америкалык аскерлердин бүгүнкү огунан эки адам өлүп, бир нече киши жаракат алган. АКШ командачылыгынын өкүлдөрүнүн билдиргенине караганда, автокербенде бара жаткан жоокерлерди көздөй топтошкон ирактыктардын арасынан ок атылгандан кийин жооп берүүгө туура келди. Ал эми күбөлөрдүн айтымында, демонстранттардын колунда курал жок болчу. Ушундай эле окуя дүйшөмбү күнү кечинде да болгон эле. Анда америкалык командачылыктын ырастоосунда, 7 киши каза тапкан, башка булактар 13 адам өлгөнүн кабарлашты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG