Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

ТҮНДҮК КОРЕЯ ТҮЙҮНҮ ОҢОЙ МЕНЕН ЧЕЧИЛБЕЙТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага шаары 30-апрелде Түндүк Корея кыргын салуучу куралдары бар экенин тастыктады. Расмий Пхеньян “өлкөнүн коопсуздугуна АКШ тарабынан коркунуч көбөйүп баратат” деп өзү айткан себептен улам мындай согуштук куралдарды пайдалануу үчүн даяр абалга келтире тургандыгын билдирди. Эки тараптын сүйлөшүү жолу менен мунасага келиши оңой боло койбостугун айрым адистер белгилешет.

Түндүк Кореянын расмий кабар агенттиги тараткан маалыматта өлкө АКШнын озунуп сокку уруу коркунучу сакталып кала берип жатканына байланыштуу өзүнүн кыргын куралдарын өзгөчө даярдыктагы абалга келтирүүгө мажбур болуп жаткандыгы айтылат. Американын опузасын тастыктаган мисал катары билдирүүдө Вашингтондун Түндүк Кореяны "балакеттин үчилтиги" деп атаганы келтирилет. Түндүк Корея кыргын салуучу куралдар ага коргонуу үчүн, тактап айтканда, дүйнөнүн эң күчтүү өлкөсү АКШдан коргонуу үчүн зарыл экенин айтууда.

“АКШнын Корей Элдик Демократиялык Республикасын коркутуп-үркүтүп жатышы КЭДРди мындай опузага тийешелүү жооп кайтаруу үчүн куралдарын соккуга жооп берүү үчүн даяр абалда кармап турууга мажбурлайт. АКШ өзөктүк куралды биринчи болуп чыгарган өлкө, кыргын салуучу куралдын андай чоң көлөмү дүйнөнүн башка бир да өлкөсүндө жок!” – деп билдирет Түндүк Кореянын расмий кабар агенттиги.

Өзөктүк куралдары бар экенин Түндүк Корея өткөн жумада эле Бээжинде АКШнын өкүлдөрү менен болгон сүйлөшүүлөрдө мойнуна алган. Британиянын Лиидс университетинин Түндүк Корея проблемалары боюнча эксперти Фостер Картер эгерде андай куралдар Түндүк Кореяда чын эле бар болсо, анда бул сыяктуу куралды иштеп чыгарууга АКШнын акыркы эки жылдын ичинде жүргүзгөн саясаты гана түрткү болду деп айтат. АКШ администрациясынын "Өзөктүк технологиялардын абалы" деген былтыркы документинде Вашингтон өзөктүк куралын биринчи эле аскердик аракеттердин жүрүшүндө пайдаланышы мүмкүн экендиги айтылган. Ошол эле документте АКШ Түндүк Кореяны "күтүүсүз кырдаал чордондорунун бири" деп атап, андай аскердик сокку Түндүк Кореяга каршы багытталышы мүмкүн экенин кыйыткан. “Өлкөнүн Американын "озунуп сокку уруу" доктринасынын курмандыгы болуп калбасам экен деген камтамачылыгын АКШнын Ирактагы согушу бекемдеп гана койду”, - дейт Фостер Картер.

Пхеньяндын билдирүүсүнүн мазмуну кастык маанайына карабастан, анда өлкөнүн тирешүүнү сүйлөшүү жолу менен чечүүнү көздөп жаткандыгы байкалат. Түндүк Корея менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү аяктаган Түштүк Корея расмий Пхеньяндын билдирүүсүн "алыскы максатты көздөгөн ойунчунун үстөл үстүнө таштаган картасы" катары сыпаттады. Бирок Вашингтон азыркы позициясынан кайтууга ниети жок шекилденет. Ак үйдүн өкүлү Ари Флайшер мындай дейт:

- Президент Буш айткандай, биз Түндүк Кореяга анын жоруктары үчүн сыйлык бере албайбыз. Биздин максат - Түндүк Корея өзүнүн өзөктүк куралдар программасын биротоло жана толук ачып бериши керек. Милдеттүү түрдө аткара турган бул ишин ал бизге колко кылбай эле койсун, биз ага сыйлык берип, ыраазычылыгыбызды билдире албайбыз!

Бирок эксперт Фостер Картердин пикиринде, АКШнын дал ушундай тариздеги ой жүгүртүүсү эки тарапты тең бурчка такап, проблеманы туүгуюукка кептеди. Анын айтымында, АКШ эки тараптын мунасалуу пикирге келүүсүнө шарт түзө ала турган жаңы корей саясатын иштеп чыгышы керек:

- Проблеманы аскердик жол менен чечүү жөнүндө ойлобой эле койуш керек. Түндүк кореялыктар өзүлөрү күм-жам болоордон мурда Сеулду жайлап тынышат. АКШнын колдоосу менен жарым кылымдан бери жетишилгендин баары, жүздөгөн, а балким миңдеген кишилер набыт болот. Образдуу айтканда, андай аскердик ойундан ат тери кайтпайт.

Ошону менен катар Картер мырза эки тараптын сүйлөшүү жолу менен мунасага келиши оңой боло койбосун божомолдоп, сөзүн мындай деп улантат:

- Түндүк Корея Эл Аралык Атомдук Энергетика Агенттигине өлкөгө келүүгө бир гана жолу уруксат берди. Ошондо да агенттикке көзөмөлдөө ишин жүргүзүүгө гана уруксат этилген болчу. Азыр биз ал мүмкүнчүлүккө да ээ эмеспиз. Экинчиден, Түндүк Кореяда жер алдында жайгашкан толгон-токой үңкүрлөр бар. Өзөктүк куралдар ал жерге демонтаждалган (тетиктери ажыратылган) түрдө катылган. Жашыруун кампалардын баарын булуң-бурчуна чейин тинтип чыгыш кыйын болот. Анткени Пхеньян куралдарын улам бир жерге ташып, катышы ыктымал. Ошентип, аны толук куралсыздандырып чыгуу ийне менен кудук казгандай эле машакаттуу иш болот.

XS
SM
MD
LG