Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:03

ТОНИ БЛЭР ВЛАДИМИР ПУТИНДИ ӨЗ САЯСАТЫНА ИЙИТЕ АЛГАН ЖОК


Бакыт Аманбаев, Прага Британиянын премьер-министри Тони Блэр 30-апрелде Москвага бир күндүк иш сапары менен келип кетти. Путин менен жолугушуу учурунда ал “эгерде Европадагы жана дүйнөдөгү башка ири өлкөлөр АКШнын жүргүзгөн саясатына таасир этүүнү каалашса, анда алар Вашингтондун саясатын колдошу керек” деген пикирин билдирди. Тони Блэрдин мындай оюна Орусия президенти Владимир Путин макул болгон жок.

Британиянын премьер-министри Тони Блэрдин соңку мезгилдеги эл аралык окуяларга карата башкалардан айырмаланган көз-карашы бар. Анын пикиринде, Ирактагы согушка каршы чыгышкан Франция, Германия, Орусия сыяктуу өлкөлөр АКШнын эл аралык саясатына таасир этүүнү каалашса, Кошмо Штаттар жүргүзгөн саясатты колдошу керек. Тони Блэр мындай пикирин шаршемби күнү Москвага иш сапары менен келгенде билдирди.

Ошондой эле ал Владимир Путиндин резиденциясында өткөн маалымат жыйынында, Орусия учурдагы АКШ жана Британиянын Ирактагы саясатын колдосо дурус болоорун айтты:

- Коопсуздук кеңешиндеги башка өлкөлөр Ирактагы согушта биздин солдаттар курман болгондугун жана ал жердеги жеңиш көптөгөн кыйынчылыктар менен келгендигин түшүнүүгө даярбы же жокпу? Мына ушуларды эске алганда, согуштан кийинки Иракты жөн гана БУУнун көзөмөлүнө өткөрүп берүү деген туурабы? Мындай суроо өнөктөш өлкө келечекте биз менен чогуу иштешеби же жокпу деп текшерүүгө сынак болот... Менин оюмча, бардыгы жакшы болот. Ал өз мезгилинде ич ара түшүнүүчүлүктү талап кылат. Ымалага келүүнүн мындай жолу соңку мезгилдери бир нече топко бөлүнүүчүлүккө алып келген аракеттерге атаандаш саясат болот.

Айрым эсперттердин маалыматы боюнча, Тони Блэр Москвага Владимир Путин менен Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңешинин Иракка байланыштуу жаңы даярдалып жаткан резолюциясынын тегерегинде сүйлөшүү үчүн келген.

Иракта жеңишке жетишкен АКШ жана Британия 1990-жылы Ирактын Кувейтке жасаган чабуулунан соң БУУ тарабынан Иракка коюлган экономикалык чектөөлөрдү алып салууга аракет жасашууда. Эгерде, чектөө алынса, анда Ирактын кен байлыктарын эч тоскоолдуксуз эркин сатууга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мындай чечимди БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги он беш өлкөнүн көпчүлүгү, анын ичинде ар кандай чечимге вето салуу укугу бар беш өлкөнүн бири да калбай колдошу керек. Эгерде ал беш өлкөнүн бири эле чечимди колдобой койсо, анда ал кабыл алынбайт. Ал эми Коопсуздук кеңешинде Орусия, Британия, Франция, Кытай жана АКШ вето салуу укугуна ээ.

Ал өлкөлөрдүн ичинен Франция менен Орусия согуштан кийинки Иракты калыбына келтирүүнү БУУга берүүнү жана Ирактагы кырдаал толук жөнгө салынгыча аталган өлкөгө карата коюлган экономикалык чектөөлөрдү азырынча албай турууну айтышууда.

Бул тууралуу Орусиянын президенти Владимир Путиндин пикири төмөндөгүдөй:

- Саддам Хусейин кайда? Мындан сырткары биз издеген Ирактагы өзөктүк куралдар кайда?, Эгерде мындай курал бар болгон болсо, ал кайда жоголду? Мүмкүн, Саддам Хусейин өзүнүн жер төлөлөрүндө жашырынып, ыңгайы келгенде чабуулга өтөм деп жашырынып жүргөндүр. Биз мунун баарын азырынча билбейбиз. Мындай суроолордун баарына жооп беришибиз керек.

Айрым байкоочулардын пикиринде, Тони Блэрдин Москвага болгон иш сапары анча жемиштүү болгон жок. Орусия өзүнүн мурдагы көз-карашынан кайтпады. Блэрдин өз тарабына тартуу далаалатына Путин ынабай койду.

XS
SM
MD
LG