Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

АКШ МАМЛЕКЕТТИК КАТЧЫСЫ ЕВРОПА ЖАНА ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШКА АТТАНДЫ


Нарын АЙЫП, Прага 1-май күнү Америка Кошмо Штаттарынын мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл Европа менен Жакынкы Чыгыш мамлекеттерине үч күндүк сапарга чыкты. Европада ал Испания менен Албанияда, ал эми Жакынкы Чыгышта - Сирия менен Ливанда болот. Израил же Палестинага Пауэлл бул жолу барбайт, бирок бир аптадан кийин Жакынкы Чыгышка кайра келгенде да Ясир Арафат менен жолукпайт.

Пауэлл эң биринчи кезекте Испания жетекчилерине алкыш айтууга муктаж. АКШ Иракка каршы согуш даярдап жатканда жана Бириккен Улуттар аркылуу Ирак боюнча экинчи резолюция өткөрүүгө аракеттенгенде Испания - Вашингтонго колдоо көрсөткөн өлкөлөрдөн болгон. Жума күнү болсо Пауэлл Албанияга келип, "Адриатика Хартиясына" кол коюу аземине катышат, ал хартияны Албания, Македония жана Хорватия - НАТО менен башка европалык уюмдарга кирүү үчүн бергелешип аракеттенүү максатында түзгөн.

Ал эми Жакынкы Чыгышта Пауэлл Дамаск менен Бейрутка гана келет, бирок кошуна Израил менен Палестинага барбайт. Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча жаңы план 30-апрелде жарыяланды жана аны талкуулаш үчүн Пауэлл регионго 8-май күнү кайрадан келет. Бирок анда дагы ал Палестина автономиясынын жетекчиси Ясир Арафат менен жолукпастан, Арафат жакында дайындаган палестин өкмөтүнүн башчысы Махмуд Аббас менен гана кездешет.

Акыркы мезгилде Вашингтон Арафатка көп көңүл бурбастан, аймакта тынчтык орнотуу жараянын азыр Махмуд Аббас менен гана байланыштырат жана ал тууралуу президент Жорж Буш 30-апрелде ачык эле айтты: "Мен оптимистмин. Палестина жетекчилигинде сүйлөшө турган адам пайда болгондон кийин, биз эми тынчтык жараянын алдыга жылдырууга жакшы мүмкүнчүлүк алдык, анткени террорго каршы күрөшүш керек экенин ал ачык айтып жатат. Мындай мүмкүнчүлүктү мен кетирбейм".

Абу Мазен деп да кээде аталган Махмуд Аббас мындан он жыл мурда жөөт жетекчилери менен Осло шаарында жашыруун сүйлөшүү жүргүзүп, эгемендүү Палестина мамлекетин түзүү боюнча келишимге жетишкен. Бирок кийин Израилдин премьер министри Ицхак Рабин жөөт улутчулдары тарабынан өлтүрүлүп, Палестинада болсо көтөрүлүш чыккандан кийин, автономиянын эгемендүүлүгү белгиленген 2000-жылы жарыяланган жок жана ал маселе боюнча Батыш менен катуу араздашкан Арафат эми саясаттан акырындап четтетилүүдө. Премьер Аббас болсо, арабдар тарабынан жүргүзүлүп жаткан бардык террор аракеттеринин токтотулушу үчүн күрөшүүдө.

АКШнын айтымында, андай террорчуларды колдогон өлкөлөрдүн бири - Сирия жана Ирак согушу учурунда да америкалык жетекчилер Дамаскты катуу сынга алгандыктан, кээ бир эксперттер - Ирактан кийин Вашингтон Сирияга каршы аракет көрүшү мүмкүн деп чыккан. 30-апрел күнү Пауэлл америкалык Сенатта чыгып сүйлөп, кошуна Ирактагы согуштан Сирия сабак алууга тийиш деп билдирди. Анын айтымында, дүйнөлүк коомчулук кеңири кыргын салуучу курал чыгарган өлкөлөргө карата дагы, аларды жактаган кошуналарына каршы да мындан ары катуу саясат жүргүзөөрүн Дамаск түшүнүүгө тийиш, мындан ары бекер мунай алуудан да Сирия үмүттөнбөшү керек. Палестинанын аймагында аракеттенген бир топ террордук уюмдардын ордолору Дамаск шаарында жайгашат жана Иракта өндүрүлгөн мунай мурда тымызын түрдө Сирияга сатылчу.

Сирия андай күнөөнүн баарын четке кагууда жана бул маселелерди Пауэлл Дамаск шаарында өлкө президенти Башар Ассад менен көзмө-көз жолугуп талкуулайт. Пауэллдин айтымында, сүйлөшүүлөр учурунда Сирия жетекчилиги өз саясатын өзгөртүшү керектигин түшүнө башташы керек.

XS
SM
MD
LG