Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:14

1-Май дүйнө өлкөлөрүндө түрдүү мүнөздөгү митинг-манифестациялар менен коштолду


Ирактын бир нече жүз коммунисти ондогон жылдардан бери алгачкы ирэт 1-майды көчөгө чыгып белгиледи. Москвада демонстрация өткөргөн орусиялык коммунисттер, президент В.Путиндин отставкасын талап кылышты. "Итар-Тасс" агенттигинин профсоюздарга шилтеме берип билдиргенине караганда, бүткүл Орусия боюнча 1-майга карата өткөрүлгөн минтиг-демонстрацияларга 2 миллиондон 3 миллионго чейин адам жыйналган. Коммунисттик Түндүк Кореянын лидерлери мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, жумушчуларды АКШ менен согушка даяр турууга үндөдү. Германияда болсо түрдүү маанайдагы демонстрациялар өттү. Франкфурт шаарынын жанында болгон жыйынга канцлер Герхард Шрөдөр да келди. Коммунисттер менен социалисттер Чехияда, Болгарияда, Украинда да көчөгө чыгышты. Миңдеген адамдар катышкан манифестациялар Индонезияда, Жапонияда, Филлипинде өттү. Түштүк Африкада 1-майга байланыштуу өтүүчү митингдин катышуучуларын салып келе жаткан автобус суу сактагычка кулап түшүп , 80 дей киши курман болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG