Колин Пауэлл премьер-министр Хосе Мария Азнар баш болгон испан бийликтери менен согуштан кийинки Ирактын келечегине, жөөт-палестин чатагына байланышкан маселерди талкуулайт. АКШнын Ирактагы аскерий операциясына колдоо көргөзгөнү үчүн Испанияга ыраазычылык билдирмекчи. Испаниядан соң Колин Пауэлл Албанияга, Сирияга, Ливанга барат.