Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:58

Палестин өкмөтү Израилдин Газа секторундагы аскерий операциясын айыптады


Палестинанын жаңыдан кызматына киришкен премьер-министри Махмуд Аббас Израилди өкмөттүн алгачкы жыйынын өткөрүп жаткан учурда сынга алды. Газа секторундагы бүгүнкү аскерий операциянын учурунда 8 палестин, анын ичинде эки жаш бала мерт болгон. Израилдин палестин согушкерлерин издеген бул аскерий операциясы Тель-Авив шаарында шаршембинин таңында болгон террордук актыга жооп ирэтинде жүргүзүлдү. Жанкечтинин жардыруусунан анда үч адам өлүп, бир нече киши жаракат алган. Соңку кандуу окуялар кечээ Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча "Жол картасы" деп аталган пландын жарыяланышына туш келди. АКШ, Европа Биримдиги, БУУ, Орусия биргелешип даярдаган ал планда жөөтөр менен палестиндердин ок атышууну тезинен токтотуусу каралган. Палестинанын эмгек министри Хассан ал-Хатибдин айтымында, Изралдин соңку аракеттери ал пландын ишке ашышына терс кесепеттерин тийгизет.
Жөөт коргоо министри Шаул Мофаздын билдиргенине караганда, ал палестин тарап менен тынчтык планынын коопсуздукка байланышкан аспектилерин талкуулоо үчүн атайын топ түздү.

XS
SM
MD
LG