Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:23

Пакистанда йемендин бир тургуну, аны менен бирге дагы беш адам кармалды


Йемендикти мындан эки жарым жыл мурда Аден шаарында америкалык аскер кемесине кол салган террорчулардын бири деп эсептешет. Ал эми калган бешөө анын жан-жөкөрү болушу мүмкүн. Алардын баары полициялык рейд маалында Карачи шаарында кармалды. Буга байланыштуу АКШнын президенти Жорж Буш ырасмий Исламабадга ыраазылык билдирди. 2000-жылы Йеменде деңиз портунда турган “Коул” кемесине террористтер кол салып, андан америкалык 17 жоокер набыт болгон эле.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG