Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:23

Палестин өкмөтү “жол картасы” атуу жаңы планды кубаттайт


Муну автономиянын тышкы иштер министрлигине жаңы дайындалган Набил Шаас ырастады. Премьер-министр Абу Мазен - Махмуд Аббас жаңы пландын демилгечилерин буга ишендирди, деп айтты Шаас.Палестин өкмөтү жана жетекчилиги, жалпы калк мүмкүн болушунча эртелеп тынчтык жолуна түшүүнү каалайт. Жаңы план кечээ Израиль өкмөтүнө жана Палестин жетекчилигине тапшырылды. АКШнын, Евросоюздун, Россиянын жана ООНдун катышуусу менен даярдалган планда ок атышууларды тезинен токтотуу, палестиналыктардын террорун ооздуктоо,жөөт аскерлерин палестин аймактарынан чыгаруу шарты коюлган жана алдыдагы үч жыл ичинде көз карандысыз палестин мамлекетин түзүү каралган.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG