БИШКЕК. Эртең Бишкектеги Кино үйүндө испан киносунун фестивалы ачылат. Бул иш-чара Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арналууда. Бул тууралуу маалымат бүгүн Кино үйүнөн алынды. Фестивалдын ачылышында Испаниянын Кыргызстан менен Казакстандагы элчиси Франсиско Паскуаль де ла Парте жана Кыргызстандын Кинематографисттер биримдигинин төрайымы Гүлсара Ажыбекова сөз сүйлөйт. 2, 3, 4-майда Кино үйүндө испан режиссерлорунун «Салам, сен жалгызсыңбы?», «Уялбастан» жана «Эркектер, баарыңар бирдейсиңер» деген кинолору бекер көрсөтүлөт.