Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:46

Саясий партиялар жөнүндө жаңы мыйзамдын долбоору даярдалууда


БИШКЕК. Кечээ Конрад Адэнауэр атындагы фонд уюштурган, «Саясий партиялар жана демократия» деген аталыштагы эки күндүк семинар аяктады. Анын ишине өлкөдөгү бир катар саясий партиялардын, бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү жана Жогорку Кеңештин депутаттары катышты. Семинардын катышуучусу, Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Николай Байлонун бүгүнкү маалыматына караганда, жыйында «Саясий партиялар жөнүндөгү» жаңы мыйзам долбоорун түзүү, партиялардын мамлекеттеги, коомдогу ролу жөнүндөгү маселелер талкууланды. Депутаттын айтымында, азыр иштеп турган мыйзамга ылайык 10 киши саясий партия түзө алат. Жаңы мыйзам долбооруна партия мүчөлөрүнүн санына, региондордогу бөлүмдөрүнө байланыштуу жоболор сунушталат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG