Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:18

Европа өлкөлөрүнүн ЕККУдагы элчилери Кыргызстандын түштүгүнө кетишти


БИШКЕК. Бул күндөрү Кыргызстанда таанышуу сапары менен жүргөн Франциянын, Норвегиянын, Болгариянын, Ирландиянын жана Швециянын Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмундагы элчилери бүгүн Ош облусуна жөнөп кетишти. Түштүк борбордо алар облус губернатору Накен Касиев менен жолугушмакчы. Эртең элчилер Бишкекке кайтып келип, саясий партиялардын, анын ичинде оппозициялык партиялардын лидерлери менен жолугушат. Бул тууралуу маалымат бүгүн ЕККУнун Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнөн алынды. Кыргызстанга кечээ келген элчилер ошол эле күнү мамлекет башчысы Аскар Акаев баш болгон расмий адамдар менен жолугушуп, Кыргызстандагы демократиялык реформалардын абалы, адам укуктарынын сакталышы боюнча пикир алышкан. Бүрсүгүнү элчилер Казакстанга жөнөп кетишет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG