Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:05

Президент Конституцияны иштеп чыккандарга наам ыйгарды


БИШКЕК. Кыргыз президентинин 29-апрелдеги жардыгына ылайык өлкөнүн конституциялык негиздерин реформалоого сиңирген эмгектери үчүн Конституциянын жаңы редакциясын иштеп чыккан Эксперттик топтун айрым мүчөлөрүнө мамлекеттик наамдар ыйгарылды. Алардын катарында Эксперттик топтун төрагасы, президенттин Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынындагы өкүлү Чолпонкул Арабаев, топтун мүчөлөрү, премьер-министрдин аппаратынын юридикалык бөлүмүнүн башчысы Елена Белковская, Кыргыз улуттук университетинин кафедра башчысы Галина Мукамбаева, Свердлов райондук сотунун төрагасы Мурат Укушев «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи» наамына ээ болушту. Эксперттик топтун дагы бир мүчөсү, Улуттук илимдер академиясынын философия институтунун директору Осмон Тогусаковго «Кыргыз Республикасынын илимине эмгек сиңирген ишмер» деген наам ыйгарылды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG