Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:58
БИШКЕК. Постсоветтик мезгилде Эмгекчилердин эл аралык тилектештик күнү катары майрамдалган бул күнү Апсамат Масалиев менен Клара Ажибекова башкарган эки коммунисттик партиянын жана Өмүрбек Текебаев башкарган «Атамекен» партиясынын лидерлери баштаган топ «Революция каармандарынын» эстелигинин алдына чакан митинг өткөрдү. Андан соң алар Борбордук аянттагы Владимир Лениндин эстелигине гүл коюшту. Ал эми шаар бийлиги бул күнү Борбордук аянтта эмгек майрамына, Бишкектин 125 жылдыгына жана Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгына арнап, тынчтык жарышын уюштурду. Ага 3 миңге чамалаш спорт күйөрмандары катышты. Бул күнү шаар ичи, айрыкча, майрамдык иш-чаралар өткөн борбордук аянт ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан өзгөчө көзөмөлгө алынып турду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG