Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:38

В.Путин Канттагы аскер-аба базасынын ачылышына катышаары күтүлөт


БИШКЕК. Евразия Экономикалык Биримдигинин алкагында июль айынын этегинде Чолпоната шаарында Орусия менен Кыргызстандын биргелешкен инвестициялык форуму өтөт. Ага президент Владимир Путин Орусиянын жоон топ ишкерлери менен бирге келип катышаары болжолдонууда. Бул тууралуу аптанын ортосунда кыргыз өкмөтүнүн башчысы Николай Танаев билдирген. Ал эми айрым талдоочулар орус президентинин Кыргызстанга келиши тууралуу божомолду Кант аскер-аба майданына Орусиянын аскер-аба базасынын расмий жайгашышы менен байланыштырышууда. Анткени, бул маселени Коллективдүү Коопсуздук Келишим Уюмунун Дүйшөмбү саммитинин алкагындагы жолугушууда Орусия менен Кыргызстандын президенттери талкуулашып, базаны июлда ачууну болжошкон. Айрым маалымат каражаттарынын жазганына караганда, тез аракеттенүүчү коллективдүү күчтөрдүн бөлүгү боло турган бул аскердик базага СУ-25, СУ-27 үлгүсүндөгү аскердик, Л-39 үлгүсүндөгү машыктыруучу жана жүк ташуучу учактар жайгашып, анда орусиялык учкучтар 3 жылдан 5 жылга чейин кызмат өтөөрү күтүлөт. Бирок, азырынча аскердик базаны жайгаштыруу боюнча келишим түзүү жана аны парламентте ратификациялоо тартиби тууралуу мааалымат тарай элек.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG