Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:07

ТАМЕКИ ТҮТҮНҮ, ТАЖАТКАН ЖАКЫРЧЫЛЫК, ГҮЛДӨГӨН КОРРУПЦИЯ


Жаз менен эмгектин эриш-аркак майрамы алдында кыргыз басылмаларында жакырчылыкты жоюу, тамеки тармагынын көйгөйлөрү, коррупцияны ооздуктоо аракети арбын комментарийге алынды.

Май майрамы алдында “Общественный рейтинг” гезити президент А.Акаевдин кеңешчиси, швед экономисти Андерс Ослунддун Кыргызстандын саясий-экономикалык абалы жөнүндөгү пикирин жарыя кылды. Кеңешчинин айтымында, республикада белгилүү деңгээлде саясий туруктуулук сакталууда, анткен менен корупция өзгөчө күч алып кетти. А.Ослунд “калктын жалпы жашоо деңгээлинде олуттуу жылыштар байкалган жок, анын себеби экономикалык өсүштүн жоктугу менен шартталган” деп эсептейт. Ослунддун маалыматына ынансак, Европалык, Дүйнөлүк банктар тарабынан жүргүзүлгөн байкоолор Кыргызстанда коррупция кенен жайылып кеткенин аныктаган.

“Кыргызстан эл аралык уюмдар, өлкөлөр менен оголе көп келишим, макулдашууларга кол койгон. Азыр алардын көптүгүнөн аткарылышын көзөмөлдөө мүмкүн болбой калды”, деп белгилейт Асел Шербото ушул эле гезитте жарыяланган макаласында. Автордун пикиринде, сыртта чыгарылган тамекилерди Кыргызстанга ташып келүүдө акциз салыгынын өлчөмүн көбөйтүү тууралуу өкмөт токтому эмнеликтен орусиялык өндүрүшчүлөргө жеңилдик бергенин түшүнүү кыйын. Анын үстүнө четттен келчү тамекиден алынчу салыкты көбөйтүп салган Кыргызстандын аракетин Казакстан менен Өзбекстан кол чаап колдоп чыгат деп божомол куруш мүмкүн эмес.

Өкмөттүн четтен ташылып келчү тамекинин акциз салыгын көбөйтүү демилгеси иралды атамекен өндүрүшчүлөрүн, алардын арасында «Реемтсма-Кыргызстан» компаниясын колдоо амалында чыкканына “Моя столица” гезити да токтолду. Журналист Лариса Ли “Акциз даамданган тамеки түтүнү» деген макаласында өкмөттүн тамеки акциз салыгын көтөрүшү, сырттан ташылчу күйүүчү майга акциз салыгын жеңилдетиши казынага күргүштөгөн акча түшүрбөгөндөн улам чыкканын белгилейт. Ички базарды туруктуу кармап туруш үчүн Орусия, Казакстан, Өзбекстан сырттан келчү тамекиге акциз салыгын көбөйтүп салган. Кыргызстанда четтен келип иштеген “Реемтсма-Кыргызстан” компаниясы өткөн жылы өлкөнүн казынасына 260 миллион сом салык төлөгөн. Ири инвестициячы келгенге чейин тамеки өндүрүшүнөн өлкөнүн бюжетине жыл сайын болгону 11 миллион сом гана түшчү.

Тамеки өстүрүүчүлөрдүн жаш балдары бармактайынан эле уулуу өсүмдүктүн жытын жыттап, ден соолугун бузуп алышаарын эске алып, парламент депутаты Ташболот Балтабаевдин демилгеси менен даярдалган “Тамекинин зыяндуу таасиринен калк саламаттыгын сактоо тууралуу” мыйзамга президент эмгиче кол кое элек. Жаңы мыйзам 2001-жылдын аягында парламентте кабылданган. Ташболот Балтабаевдин айтымында, президент А.Акаев тамекиден бюжетке түшчү акча азайып кетет деген чочулаганынан улам мыйзамга кол койбой койгон.

Кыргыз өкмөтүнүн иш билбестигинен, бюрократиялык көз боемочулуктун айынан мамлекет миллиондогон акчаны айла жок чет элдик ишкерлерге төлөөгө мажбур болуп жатканы Вячеслав Тимирбаевдин “Эмнеликтен кедейбиз, дегеле байлыкка жете алабызбы?” деген макаласында кеп болот. Бишкектеги “Пинара” мейманканасы, түркиялык “Эксимбанктан” 4,5 миллион доллар алган Сокулуктагы “Торгмаш” заводунун кредити, пакистандыктарга алданган “Айдан-Фарм”, Ташкөмүрдөгү «Кристалл» алданып калуунун толук эмес тизмеси. “Өкмөттүн атынан келишимге кол коюп жатышкан жооптуу кызмат адамдары көз-көрүнөө алдоону кантип эле билбей коюшсун”, дейт автор. Анын айтымында, экономикалык жагынан көзгө көрүнөрлүк жылыш жасай албаган президент менен премьер-министр кийинки кездери идеологиялык догма менен илгери үмүт артынган программаларды мактоо менен гана алек болуп калышты.

Кыргызстандын Улуттук Гвардиясында кызмат өтөгөн жоокерлердин айрымдары айылына кайткысы келбегендигин шаршембидеги “Вечерний Бишкек” гезитинде Артем Петров жазып чыкты. Аскердик мөөнөтүн узарткысы келгендердин көпчүлүгү - айылдагы жумушсуздуктан, эртеңкисине ишенбегендиктен улам, жетишпеген турмушка кайра кайткысы келбегендер.
XS
SM
MD
LG