Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:28

ИРАКТА ИРАН ҮЛГҮСҮНДӨГҮ ӨКМӨТ КУРУУНУ КАЛАГАНДАР


Түрдүү топторго катар диниятчылар да Саддам Хусейн түптөгөн режим кулатылгандан кийинки Иракта түзүлгөн бийлик ваакумун коомдогу өз ордун бекемдөө үчүн пайдаланууга аракеттенүүдө. Алардын эң активдүүлөрү Моктада аc-Садр менен Мухаммад Бакр ал-Хаким.

Батыш маалымат булактарынын билдиришинче, Аятолла Рухалла Хомейни Иранда диний бийликти орноткондон 24 жылдан кийин, Аятолланын руханий мурасчылары Иракта да Иранда болгондой диний төңкөрүш уюштуруу аракетин жасашууда.

1979-жылкы ислам революциясына чейинки Иранда шиит диниятчыларынын саясаттагы таасири чектелүү болгон. Саддам Хусейн доорундагы Иракта да диниятчылар саясый турмушка аралаштырылган эмес.

Ирандын шахы Мохаммад Реза Пехлеви бийликке акаарат айткан шиит динзарларын абакка салган. Лекин, таанымал улама-шейхтерге этият мамиле кылган. Саддамдын режими деги эле бардык диссиденттерди аяган эмес. Бийликке каяша сүйлөө Иракта өз башыңа өлүмдү өзүң чакырганга барабар болгон. Ошондуктан бул эки өлкөдө динаятчылар шиит окуусуна ылайык өздөрүн саясаттан алыс тутушкан.

Саддамдын бийлиги кулатылгандан кийинки Иракта саясый жагдай өзгөрдү. Өлкөдө көпчүлүктү түзгөн шииттер ыйык жайларына барып табынып зыярат кылууга чейрек кылымдан бери биринчи ирет мүмкүндүк алышты.

Ал эми айрым динаятчылар диндештерин өлкөдө Ирандагыдай ислам өкмөтүн орнотууга чакырууда. Алардын белгилүүлөрү Моктада ал-Садр менен Мухаммад Бакр ал-Хаким.

Садр таанымал динаятчынын урпагы. Ал эми Хаким Багдаддагы режим талкаланганга чейин Иранда баш калкалаган шиит уюму - Ислам революциячыл Жогорку Кеңешинин төрагасы.

Батыш булактарынын кабарлашынча, бул экөө жана алардын жактоочулары аларга каршы көз караштагы адамдарды уруп-сабоо жана коркутууга чейин барышууда. Алар, маселен, Иракта түрдүү диний топторго бирдей укук берген демократиячыл өкмөттү курууга каршы турбаган Улуу Аятолла Али ас-Систани сыяктуу динаятчылардын оозун жаап, таасирин чектөө үчүн саясый демонстрацияларды пайдаланышууда.

Садр жана Хаким мырзалар шииттердин жаш диниятчыларын өз тарабына тарта алышабы, азырынча беймаалым. Өлкөдө бийликти башкарып кетүүгө даяр диний кадрлар жокко эсе.

Аятолла Хомейни 1979-жылкы төңкөрүштөн 15 жылдан мурдараак эле өзүнүн идеяларын жактап, Пехлевинин батышчылдыгын жек көргөн молдолор менен иштешип, алардан өзүнө ишенимдүү кадрларды даярдай баштаган. Иракта ислам бийлигин орнотууну каалаган саясатчы-динаятчылар бул жагынан өксүк.

“Нью-Йорк Таймс” гезити жазганга караганда, Саддам кезинде өлкөнү жетектеген Баас партиясынан кийинки эле өтө уюшкан жана өтө тартиптүү партия - ирактык коммунисттердин партиясы эсептелет. Бирок коммунисттик идея азыр эл арасында колдоого ээ болбогондуктан, алар согуштан соңку Иракта негизги оюнчу боло алышпайт.

Коммунисттер менен башка солчул партиялар диниятчылар бийликке келишсе, атаандаштарын тыйып жок кылат деп кооптонушат. Ушундан улам солчул партиялар Моктада ас-Садр менен Мухаммад Бакр ал-Хакимдин мүдөөсүн жакташпайт.

Саддам учурунда Иран ирактыктар үчүн жабык өлкө болгондуктан, көпчүлүк эл Ирандагы ислам бийлиги жөнүндө жакшы кабардар эмес. Ошон үчүн, байкоочулардын айтымында, көпчүлүк эл “ислам революциясынын” Ирандагы жетишкендиктери жөнүндө көбүрөөк билген сайын, Садр жана Хаким сындуу саясатчы молдолордун жыйындардагы “жалындуу сөздөрүн” угуп, ага жетеленген адамдардын катары суюла берери шексиз.

Диниятчылардын жамаат деңгээлинде тартипти кармап, элге сөзү өтөрү айкын. Бул жагынан алар америкалык жоокерлерди артка калтырышы мүмкүн. Лекин, ирактык таанымал диссидент-улама, узак жылдар Саддамга каршы күрөшкөн Шейх Абдел Мажид ал-Хойинин (Khoei) киши колдуу болуп өлүшү да бийликке умтулган динаятчыларды кыжалатка салбай койбойт.

Баса, Шейхти учурунда Кошмо Штаттары колдоочу.
Ирактын шиит диниятчыларынын төбөлдөрү өлкөдөгү түрдүү элдердин, диндердин өкүлдөрү кирген демократиялуу өкмөттү куруу планын жашырбаган америкалыктар менен ачыктан ачык кызматташууга барары да күмөндүү. Себеби, алар өздөрүн исламдын коргоочуларыбыз деп сыймыктанышат жана чет элдиктерден көз карандысыз деп санашат.
XS
SM
MD
LG