Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:22

ФАЛЛУЖАДА КЫРДААЛ ТЫНЧ ЭМЕС


Америкалык аскерлер шаршембиде Ирактагы Фаллужа калаасында чогулган демонстранттарга кайрадан ок ачып, эки кишини өлтүрүп, 18 адамды жарадар кылышты. Андан көп узабай, түнгө маал ал жердеги АКШнын базасына белгисиз адамдар граната ыргытып, америкалык өкүлдөрдүн айтымында, жарылуудан жети аскер жарадар болду. Пентагондун өкүлдөрү демонстранттар оболу өзүлөрү озунуп ок ачканын айтышса, ирактыктар бул күнкү акцияга жалаң куралсыз адамдар катышканын белгилешет.

Фаллужада ушуну менен экинчи демонстрация кандуу коогалаңга айланып отурат. Дүйшөмбүдө Америкага каршы ураандарды, Саддам Хусейндин сүрөттөрүн көтөрүп алып, көчөгө чыккан жүздөгөн адамдар АКШлык аскерлердин огуна кабылып, 13 демонстрант набыт болуп, 70тен ашуун киши жараат алган. Ал күнкү окуяга нааразылык билдирүү максатында шаршембиде кайрадан чогулган 1000ден ашуун ирактыктар арасынан дагы 2 киши ок жеп жан берди, 15 киши жарадар болду. Америкалык аскерлердин өкүлдөрү ашкере албууттанган демонстранттар Фаллужадагы "Баас" партиясынын мурдагы кеңсесин ээлеген АКШ базасын көздөй таштарды жаадырып, алгач топтошкон элдин арасынан, же жакынкы үйлөрдүн чатырынан кимдир-бирөө автоматтан ок ачканын айтышат. Күтүүсүз чабуулдан коргонуш үчүн АКШ аскерлери жооп иретинде курал колдонууга аргасыз болгону белгиленет.

Ошол эле учурда Фаллужанын бийлик өкүлдөрү, нааразылык акциясына четтен көз салып турган жергиликтүү тургундар демонстранттардын колунда эч кандай курал-жарак болбогонун маалымдашат. Эмнеси болсо да, батыштык кабар агенттиктери ырастагандай, Фаллужадагы демонстрация өтө каардуу маанайда өткөн. "Ройтерс" маалымат агенттиги демонстранттардын ураанын арабчадан которуп, алар көчө жаңырта: "Ыйык Курандын алдында ар бир америкалыкты өлтүрүүгө ант беребиз!" -деп кыйкырып өтүшкөнүн жазып чыкты. "Ассошэйтед пресстин" Фаллужадагы кабарчысы нааразылык акциясынын 1000ден ашуун катышуучулары америкалык аскерлерди көздөй таш ыргытып, биринчи кол салганына күбө болгонун баяндайт. Бардык журналисттер Фаллужада калктын бир бөлүгү Саддам Хусейнге жан тартса, айрымдары эски режим кулаганына сүйүнүп жатканын, ошол эле учурда көпчүлүк эл америкалык аскерлер эми көздөгөнүнө жеткенден кийин кетиши керек, же алар аз санда гана калтырылышы керек деген пикирде экенине басым жасашат.

"Азаттык" радиосунун ирак кызматынын директору, Американын Ирактагы мурдагы элчиси Дэвид Ньютон Фаллужадагы АКШга каршы маанайды бул шаардын калкынын басымдуу бөлүгүн сунни мусулмандары түзөөрү менен түшүндүрөт:

- Ирактык суннилер жүздөгөн жылдар бою өлкөдө саясий үстөмдүк жүргүзүп келишкен, азыр эми алар башкы таянычы Саддам бийликтен кеткен соң, мурдагы ордубузду жоготобузбу деп кооптонууда. Алар башкысы - шийиттердин коомдогу ролунун жогорулашына каршы.

Ал фаллужалык суннилер Ирактагы кырдаалды шийиттердин пайдасына чечип берген үчүн америкалык аскерлерге нааразы болушу ажеп эмес деп эсептейт.

Пентагондун өкүлдөрү эки күнкү окуяда тең демонстранттар арасына кирип алган куралчан ирактыктар биринчи ок ачышканына басым жасап, андай учурларда АКШ аскерлери коргонуу максатында курал колдонууга укуктуу деп билдиришти. Шаршембиде Багдадда коомчулук менен жолугушуу маалында америкалык генерал Вебстер ушул жагдайга токтоло кетти:

- Эгерде кимдир-бирөө мыйзамды бузуп, бейкүнөө адамдарга, же алардын мүлкүнө кол салса, биздин жоокерлер өз укуктарына ылайык курал колдона алышат. Ошентсе да, мыйзамды бузгандардын баары окко кабылат деш туура эмес. Биздин аскерлер адамдардын өмүрүнө, же мүлкүнө чындап коркунуч келтирилген учурларда гана курал колдонушу мүмкүн.


Батыштык кабарчылардын айтымында, Багдадда да элдин көбү америкалык аскерлерди ушул айдын башында шаарда орун алган башаламандык, талап-тоноону токтото албаганы үчүн айыптап келсе, эми алардын Саддамдан кийинки Ирактагы ролуна беймаза болууда. Айрым багдаддыктар АКШ аскерлери шаардагы коопсуздукту жетиштүү камсыздай албаганына ичи чыкпаса, калгандары америкалык аскерлер Багдаддан токтоосуз чыгып кетиши керек деп эсептешет.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    Эркин Европа/Азаттык радиосунун Кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тарта "Азаттыктын" Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстан жана региондогу окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин, аспирантурасын аяктаган.

     

XS
SM
MD
LG