Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:53

Сапар Орозбаков, Бишкек 29-апрелде премьер-министр Николай Танаев баштаган өкмөт мүчөлөрү кыргыз телекөрсөтүүсү аркылуу түз эфирге чыгып, үстүбүздөгү жылдын 1-кварталында аткарган иштери жөнүндө отчет беришти жана телекөрүүчүлөрдүн жана түз эфирге чакырылган журналисттердин суроолоруна жооп беришти.

Түз эфирдин башында премьер-министр 1-кварталда өкмөттүн жасаган иштери тууралуу кыскача маалымат берип, отчеттук мезгилде өлкөнүн экономикасында алгылыктуу деп айтарлык бир топ жылыштар болгондугун жана өнөр жай менен айыл чарба продукциясы жакшы темп менен өсүп жатканын белгиледи. Анын айтымында, өкмөт быйыл социалдык проблемаларга өзгөчө көңүл бөлүп, бюджеттен акча алган кызматчылардын эмгек акысын, пенсияларды, жөлөк пулдарды көтөрдү. Николай Танаев Кыргызстандын калкынын жеген тамак-ашынын жалпы калориялуулугу биологиялык нормаларга жетип баргандыгын айтты.

Ал өз сөзүндө Кыргызстандын экономикасы азырынча жыл башында белгиленген план менен өсүп баратканын айтып, «экинчи кварталда өсүш дагы жогорулайт» деп ишендирди.

- Бизди кыйнаганы - түштүктө болгон табигий кырсык. 38 адам курман болду. Бул чоң трагедия. Биздин эмки милдет - андай трагедияны мындан ары болтурбоо. Август айынын аягына чейин, өлкөнүн мамлекеттүүлүк күнүнө карата үйсүз калгандардын баары үйлүү болушат, - деди Николай Танаев. Өкмөт башчысынын айтымында, табигый кырсыктар азыр эле жүздөгөн миллион сом зыян алып келди.

Премьер-министрге жана өкмөт мүчөлөрүнө ишканаларды ишке киргизүү, инвестицияны көбөйтүү жана кошуна өлкөлөр менен кызматташтыкты күчөтүү боюнча көптөгөн суроолор берилди. Өкмөт башчысы бул маселелерди чечүүдө Орусияга жана КМШнын алкагында түзүлүп жаткан эркин соода аймагына өзгөчө үмүт артып атканын жашырган жок. Премьер-министр июль айында Орусиянын президенти Владимир Путин катышкан чоң инвестициялык жыйын болоорун, ага орусиялык көп сандаган ишкерлер келээрин түз эфирде да кайталады. Анын айтымында, Орусиянын жардамы менен бир топ конкреттүү долбоорлор ишке ашырыла баштады. Орусия «Электротехник» заводу, Майлысуу электр лампа заводу жана «Кыргызкабель» заводу сыңары бир топ ишканаларга инвестиция салды. Премьер-министрдин айтымында, быйыл ошону менен катар алюминий заводунун курулушу башталып калышы мүмкүн. Ал Сарыжаз калай комбинатын куруу тууралуу Орусиянын ишкерлери менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп жатканын да кабарлады. Украинанын катышуусу менен жаңы тузүлүп жаткан КМШнын 4 ири мамлекетинин эркин соода аймагы жөнүндө болсо, «анда чечилчү маселерди КМШда жана ЕврАзЭСте чечсе болот, биз азыр жаңы бирикмеге көз салып жатабыз, эгер ал бизге пайдалуу болсо, биз ага сентябрь айында киришибиз мүмкүн» деди Николай Танаев.

Өкмөт башчысына жана вице-премьер-министр Курманбек Осмоновго коррупцияга каршы күрөш тууралуу бир нече суроо берилди. Николай Танаев Коопсуздук Кеңешине чейин эле өкмөт атайын программа кабыл алып, коррупцияны жоюу боюнча иш жүргүзүп келгендигин айтты. Анын сөзүнө караганда, жакында коррупция тууралуу мыйзам кабыл алынды. Эми фискалдык жана укук коргоочу органдарды реформалоо белгиленип жатат. «Ал иштер натыйжа бербей жатат» деген пикирге өкмөт башчы кошулган жок.

- Эмне үчүн натыйжа берген жок деп ойлойсуз? Жакшы көз салбай жатсаңыз керек. Бир жарым ай мурун биз коррупцияга каршы күрөш жөнүндө программаны өкмөттүн отурумунда карап чыктык. Ал жерде жетиштүү эле цифралар айтылды. Ошондуктан программа иштебей жатат деш эрте. Программа иштеп жатат. Бирок маселе тез эле чечилип калбайт. Ишти сотко чейин жеткириш үчүн далилдеш керек. Өкмөт сотко таасир бере ала турган орган эмес. Аны сот чечет, - деди Николай Танаев «Вечерний Бишкек» гезитинин кабарчысынын бул тууралуу берген суроосуна.

Премьер-министрлерге жана өкмөт мүчөлөрүнө берилген суроолордун көпчүлүгүн пенсия, жөлөк пулдун аздыгы жана алардын өз убагында берилбей жатышы, саламаттык сактоо мекемелеринин жана мектептердин жакшы иштебегени өңдүү күнүмдүк турмушка байланыштуу конкреттүү суроолор түздү. Өкмөт мүчөлөрү ал суроолорго жооп беришкени менен, суроо берүүчүлөрдүн өздөрү айрым учурда канааттанбагандыгы байкалып турду. Түз эфирдин акырында премьер-министрге: «Сиз Борис Силаевге окшоп Орусияга кетип калбайсызбы?» - деген суроо да берилди.

- Бир кезде мени облустук курулуш башкармалыгын жетекчилигине чакырышкан болчу. Мен барган эмесмин. Менин бул жерде үй-бүлөм, балдарым жана неберелерим бар. Досторум бар. Тоосуз мага кыйын болот. Карыганда мен аякка барып эмне кылмак элем? – деди Николай Танаев.
XS
SM
MD
LG