Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:29

БИШКЕК ШААРЫНЫН КӨЧӨЛӨРҮНӨН МАЙДА СООДАГЕРЛЕР КУБАЛАНУУДА


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Быйыл июнь айында Бишкек шаарынын 125 жылдык мааракеси белгиленмекчи. Ага даярдык көрүү иштеринин алкагында милиция кызматкерлери Бишкектин көчөлөрүндөгү майда-барат саткандарды кубалап, алардын жайма соодасына тыюу салышууда. Майда соодагерлер болсо, акча табуунун жападан-жалгыз жолуна айланган соода ишине бийлик мындан ары да минтип тоскоолдук кыла берсе, анда шаардын 125-жылдык мааракесин өткөрүүгө каршы чыгышаарын айтышууда.

9-10-май күндөрү алар өз укуктарын коргоо максатында Өкмөт Үйүнүн алдына пикетке чыгышмакчы. Бишкектин көчөлөрүндө тамеки, сагызга окшогон майда-чүйдө товарларды сатып отурган Ырсалат Акматованын айтымында, майда соодагерлер шаар бийлигинин жана милициянын кордугуна чыдабаганынан улам нааразылык акциясын уюштурушат.

- Төрт баламды багам деп Бишкекте жүрөм, - деди Ырсалат Акматова. - Өзүм Баткенден келгем. Эми заман кыйын болду. 10 күндөн бери тыным жок. Милициясы келет, акимиаттан келет. Жанымда отурган баланын 20 чакты нанын тартып алып кетишти. Менин коляскамды алышты. Биз 9-10 майда Өкмөт Үйүнүн алдына чыгабыз. Шаарда канча жайма үстөл болсо – ошолордун баары чыгышат. «Базарларга барып, ошол жерден соода кылгыла» дейт. Биздин базардагы орундарга төлөгөнгө акчабыз артпайт. Себеби, күнүнө араң 50 сом, 100 сом табабыз. Андан көрө ушул ордубузга шарт түзүп беришсе жакшы болот эле. Биз бул ордубуздан жылалы деген ниетибиз жок. Аскар Акаев деле биздин абалды түшүнсүн. Америкалыктар, түрктөр баткан жерибизде бизге бир метр жер жокпу?

30-апрелде Бишкектин майда соодагерлери Ишкердикти колдоо боюнча өкмөт алдындагы мамлекеттик комиссия отурган имараттын алдына пикет өткөрүштү. Ошондой эле пикетти алар 28-апрелде Жогорку Кеңештин алдына да уюштуруп, Ишенбай Кадырбеков баштаган айрым депутаттар менен жолугушуп, арыз-армандарын айтышкан.

Бишкектин чоң көчөлөрүнүн кесилиштеринде сагыз, тамекиге окшогон майда товарларды өз алдынча саткандардын көбү - Баткен, Ош облустарынан борборго тирилик айласын издеп келишкендер. Шаар бийлиги Бишкектин 125 жылдык мааракесин өткөрүүгө даярдык көрүү тууралуу токтом чыгарып, милицияга «шаардын көчөлөрүн майда соодагерлерден тазалагыла» деген тапшырма берген. Бул токтом чыккандан бери соодагерлер менен милиция кызматкерлеринин ортосундагы мамиле курчуп, жакалашып-урушкандар көбөйдү.

Ички иштер министринин орун басары, Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын башчысы, генерал Кеңешбек Дүйшөбаев: «Көчөдө соода кылып отургандардын деле абалын түшүнөм, бирок бул иш-чараларды биз шаардын башка тургундарына шарт түзүп берели деген ниет менен аткарып атабыз» дейт.

- Мен ал жарандардын оор жашоо-шарттан улам көчөдө соода кылып отурушканын жакшы түшүнөм, - дейт Кеңешбек Дүйшөбаев. - Экинчи жагынан болсо, кайсы жерге барбайлы - соода кылып отурган адамдар. Анан да ошол тегерек-четтерин таштандыга толтуруп, калдыктарды калтырып, шаардын көркү бузулуп жатпайбы. Ошого байланыштуу мэрдин буйругу чыгып, анын негизинде мыйзамдын алкагында тазалыкты, тартипти камсыз кылалы деген аракеттебиз. Биз аларды «атайын курулган соода борборлорунда, базарларда иштегиле, ошол жакка баргыла» деп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз. Бирок алар буга көнбөй атышат. Биз мыйзамдын негизинде чара көрүүгө милдеттүүбүз, аны шаардын тургундары туура түшүнүшү керек.

Баткен районунан борборго келген Гүлдар Болотованын айтымында, милиция кызматкерлери анын колго жасалган соода тактасын талкалап, чатырын сыйрып кетишкен.

- Баткен районунан ал жакта иш жогунан келгенбиз, - деди Гүлдар Болотова. - Ушинтип көчөдө отуруп, ары-бери өткөндөрдүн бир сому менен оокат кылып отурсак, милициясы келип кубалай баштады. Жөн кубалабай, жайма тактанын буттарын, жаан-кардан калкалачу чатырыбызды сыйрып кетишти. Милиция мындай өкүмзордукка барбай туруп эле, алдын-ала эскертип коюшса, биз майрам күндөрү көчөгө чыкмак эмеспиз. 6 балам бар, айла кеткенден ушинтип отурабыз да. Аскар Акаев ушундайда киришип, бизге окшогондорго тийбегиле деп айтышы керек эле.

Лейлек районунан борборго келип, өз жумуш ордун өзү таап алып, күндүн ысык-суугуна карабай отурган Апида Жолдубаеванын 8 баласы бар. Анын айтымында, милиция кызматкерлери «айылыңарга кеткиле!» дегендей жагымсыз сөздөрдү да айтышып, кемсинтишет.

- Бүгүн 1-май күнү эл көп болот деп көчөгө чыксак, милиция бүгүн да кубалады. Айылда болсо шарт жок, мал кырылды, жумуш калбады. Бирөөдөн акча сурабай, күнүмдүккө эптеп акча таап отурган биз байкушту тим эле коюшса боло, - деди көзүнөн жаш алып Апида Жолдубаева.

Айтмакчы, Апида Жолдубаевага окшоп, айылдан шаарга бакыт издеп көчүп келгендердин так саны белгисиз. Ички миграцияны токтотуу максатындагы кыргыз бийлигинин иш-аракеттеринен да майнап чыкпай келатат.

Майда соодагерлер «эгерде 9-10-майдагы пикетте биздин талабыбызды бийлик чечип бербесе, анда Бишкек шаарынын июнь айында белгилене турган 125 жылдык мааракесинин өтүшүнө жолтоо болобуз» дешет, жандары кашайганын жашырбай.
XS
SM
MD
LG