Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:04

TҮРКИЯДАГЫ ЗИЛЗАЛАНЫН КУРМАНДЫКТАРЫНЫН САНЫ ӨСҮҮДӨ


Түркияда кайра жер силкинди. Бул ирет өлкөнүн түштүк-чыгышында катуу жер титиреп, жүзгө чукул киши набыт болду. Жараат алгандар да көп болуп жатат.

Шаршембиден бейшембиге караган түнү жер катуу солк этти. Бул маалда 250 миң чакты эли бар Биңгөл шаары терең уйкуда жаткан. Түнкү саат үч жарымда орун алган 6.4 баллдык зилзаланын эпицентри ушул шаардын чет-жакасына туура келди. Кырсыктан улам жүздөгөн киши кыйрандынын алдында калды. Эң көп жоготуу Биңгөлдөгү жатак-мектепке туура келди. СиЭнЭн-Түрк сыналгысынын маалыматына ылайык, төрт кабаттуу жатакана толугу менен кыйрап калды. Туран агенттиги маалымдагандай, жер титирөө болгон учурда мында 250 чакты окуучу болгон.

Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган:

- Биңгөл ооруканасынын жетекчисинин кабарлашынча, 20 киши набыт болду. Жараат алгандардын саны да көп экен. Кыйрандынын алдында калган адамдардын, өзгөчө мектеп-интернаттын урандысында калган окуучулардын саны да жогору.

Арийне, кайгылуу статистика саат санап өсүүдө. Түшкө маал келген кабарга караганда, курмандыктардын саны 84кө, жарадарлардыкы - 390го чыкты. Өнөр-жай министри Али Жошкун Биңгөлдүн аймагына чукул сапар тартты. Куткаруучулар Биңгөлдөгү жатакананын алдынан улам бир баланы аман сууруп чыгышууда. Президент Ахмед Неждет Сезер "балдар тез арада куткарылат" деген үмүтүн билдирди. Бирок Биңгөлдүн шаар башчысы Фейзулла Кара Аслан курмандыктардын саны 150гө чыгышы мүмкүн деп эскертти. Шаарда он чакты үй, көпүрө кыйраган. Куткаруучулар тоолуу аймактын алыскы айылдарына жете албай жатышат. Чименли шаары да катуу жапа тартты. Жеке менчик "НТВ" сыналгысында сүйлөгөн Нихат Барматай деген киши Чименлиде бардык үйлөр талкаланып калганын билдирди. Зилзала 17 секундга созулду, кийин дээрлик 50 жолу кайра жер силкинди.

Биңгөлдөгү мамлекеттик оорукананын дарыгерлери кырсык менен күрөшкө жардам сурап кайрылышты. "Бизге дары-дармек, куткаруучулар, баары керек" деди Биңгөлдүн баш дарыгери Илхан Чокабай. Эл аралык Кызыл жарым ай уюму чатыр, жууркан-төшөк, көчмө ашкана, электр өндүрүүчү жабдыктарды, төрт тонна азык-түлүк жөнөттү.

Биңгөл, же кыргызча айтканда Миңкөл Евфрат дайрасынан чыгышта, Анкарадан 700 чакырым, ал эми памирлик кыргыздар тобу байырлаган Ван өрөөнүнөн 300 чакырымдай алыс аралыкта жайгашкан. Жер титирөө катуу болгондуктан, вандык кыргыздардан кабар алууну туура таптык. Истамбулга телефон чалып, Түркияга 1970-жылдары көчүп келген оогандык памир кыргыздарынын өкүлү Азиз Улуу менен байланыштым:

Жаңыл Жусубжан:
- Азиз, жер титирөө оогандык памир кыргыздары отурукташкан Ван өрөөнүнөн 200 чакырымдай аралыкта болуптур. Айылдан кабар ала алдыңарбы? Ал жакта тынччылыкпы?

Азиз Улуу:
- Айылдан кабар алдык, айылда тынччылык. Анткени (биздин айыл) 200-280 чакырым аралыкта (жайгашкан). Бул жер титирөө Биңгөл деген шаарда болду. Бизде андай жер титирөө болбоду.

Жаңыл Жусубжан:
- Кырсык аймагынан кандай кабар болуп жатат?

Азиз Улуу:
- Жер титирөө түнкү саат үчтөрдө, эл уктабатканда, Биңгөлдүн борборунан 20-30 чакырым жердеги айылдарда болгон. Балдар жатып окуган мектепте жүздөй бала жыгылган үйлөрдүн алдында калыптыр. Бүт баары болуп 107 киши каза болгон. Бирок азыр куткаруучулар келип, иштеп жатат.

Жаңыл Жусубжан:
- Биңгөл тарапта кимдер жашайт? Ал жакта өнөр-жайы өнүккөнбү, же айыл-чарбасы менен көбүрөөк алектенишеби? Жашоо деңгээли кандай?

Азиз Улуу:
- Негизинен айыл-чарбасы (өнүккөн). Өнөр-жайы жок ал жакта. Кыргызстандын жери сыяктуу бийик тоолуу жерлер.

Жаңыл Жусубжан:
- Ал жакта негизинен күрттөр жашаса керек да?

Азиз Улуу: Көпчүлүгү ошондой.

Жаңыл Жусубжан:
- Бул табигый кырсык дагы далайлардын шорун кайнатат го. Истамбул тарапта мындан төрт жыл мурда катуу жер титиреди эле. Ошол кезде силер Истамбулда белеңер?

Азиз Улуу:
- Биз ошол кезде Истамбулда элек. Аябай катуу жер титирөө болду. Бирок биз, кыргыздар отурган жерлерде анча зыянчылык болбоду.

Жаңыл Жусубжан:
- Ал жолку жер титирөөнүн кесепеттери жоюлдубу же дагы эле үстүндө үйү жоктор барбы?

Азиз Улуу:
- Негизинен баарына эле өкмөт тарабынан үй-жай берилди. Азыркыга чейин деле үй-жайы жок жүргөн кишилер бар экен деп угабыз. Бирок ал чынбы же саясатпы, жакшы билбейбиз.

Жаңыл Жусубжан:
Түркияда жер титирөө тез-тез болуп турат. 1999-жылкы зилзалада 18 миң киши ажал таап, түндүк-батыш Туркиянын бир топ жерлери талкаланган. Ал эми Биңгөлдө 1971-жылдагы жер титирөөдө 900 киши набыт болгон.

XS
SM
MD
LG