Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:17

Түркияда болгон зилзаладан өлгөндөрдүн саны жүздөн ашты


1-май күнү Түркияда болгон жер силкинүүдөн жапа чеккендерди издөө иштери уланууда. 2-майга караган түнү үй урандыларынын алдынан беш бала тирүү табылды. Ураган мектеп жатаканасынын алдында дагы кырктай бала бар деп болжолдонууда. Көбүнчө күрддөр жашаган Түркиянын чыгыш аймагын силккен жер титирөөнүн күчү Рихтер эсеби боюнча алты жарым баллга жеткен жана анын залалы негизинен Биңгөл шаарына тийген. Бийликтин айтымында, жүзгө жакын адамдын өлгөнү тастыкталды, бирок бул сан акырында бир жүз элүүгө чамалап барышы мүмкүн. Жапа чеккендерге жардам көрсөтүү боюнча өкмөт жетиштүү чара көрбөй жатат деп Биңгөлдө 2-майда бир миңге жакын адам демонстрация өткөрдү.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG