Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:24

АКШ жетекчилиги Израил аскерлеринин акыркы аракеттерин сындады


АКШ жетекчилиги Израил өкмөтүнө кайрылып, аны чыдамкайлыкка чакырды. Жөөт аскерлери 1-май күнү Газа тилкесиндеги араб айылына кол салып, 12 адамды өлтүргөн, алардын арасында эки жашар бала да курман болгон. Израилдин айтымында, аскерлер торрорчуларга каршы аракет көргөн. АКШ мамлекеттик катчысы Колин Пауэлл кечээ күнү касташкан тараптарга кайрылып, аларды диалог баштоого чакырды: "Жаңы тынчтык планын ишке ашыруу боюнча алдыга жылуу керек. Эки тарап тең сүйлөшүү жараянына катышууга тийиш. Террор жана мыйзам бузууларды токтотуш керек жана аларды жоюуу аракеттери Израил тараптан да жасалууга тийиш". 30-апрел күнү Израил менен Палестина жетекчилерине - Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу боюнча жаңы план берилген. Аны АКШ, Орусия, Бириккен Улуттар Уюму жана Европа Биримдиги биргелешип иштеп чыккан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG