Бүгүн Нью-Йорк шаарында жайгашкан "Хьюман Райтс Вотч" аттуу адам укуктарын коргогон уюм Өзбекстандын жетекчилигин катуу сынга алды. 3-майда Ташкенде Европадагы өнүгүү жана кайра куруу банкынын бир жылдык жыйыны башталат жана укук коргоочулардын айтымында, жыйын алдында өзбек жетекчилиги - өлкөдөгү абалды жакшыртуу багытында жетиштүү чара көргөн жок. Акыркы күндөрдө Өзбекстанда бир нече адам укуктарын коргоочу кармалып, алардын кээ бирлери сабалды, миңдеген жазасыз адам азыр абактарда отурат, өкмөт болсо оппозициялык уюмдардын аракеттерине катуу чек койгон. "Хьюман Райтс Вотч" уюму өзбек президенти Ислам Каримовко атайын кат да жиберди. Банктын төрагасы Жан Лемьер дагы бүгүн Өзбекстанды сындап, банктан көбүрөөк жардам алам десе, Ташкен кошуна өлкөлөр менен кеңирирээк кызматташууга тийиш деп билдирди.