Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:35

Индия менен Пакистан эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр


Бүгүн Индия менен Пакистандын жетекчилери эки тараптуу сүйлөшүү жүргүзүүгө даяр экендигин айтып чыгышты. Индиянын премьер министри Атал Бехари Важпайи парламентте чыгып сүйлөп, Пакистан менен сүйлөшүү жүргүзүү керек экенин билдирди. Пакистандын маалымат министри шейх Рашид Ахмед дагы Индия менен болгон дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирүүгө Исламабад кызыкдар экенин айтып, эки тараптуу сүйлөшүүлөр жакында баштала турганын тастыктады. 2001-жылдын декабрында Индия парламентине куралдуу кол салуу болгондон кийин, эки өлкө ортосундагы мамиле бузулган, анткени Делинин пикиринде, ал чабуулга Пакистан колдоо көрсөткөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG