Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:49

Мамлекеттик сатып алуулар системасы эл аралык стандартка толук дал келбейт


БИШКЕК. «Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар тууралуу» Кыргызстандын мыйзамы Европа өлкөлөрүнүн стандарттарына толук дал келбейт. Бул туурасында бүгүн «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Европа Биримдигинин эксперти Франсуа Сере (Francois Serres) билдирди. Ал бир жумадан бери Евробиримдик менен Кыргызстандын ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташтык тууралуу макулдашуунун алкагында мамлекеттик сатып алуу системасына байланыштуу жолугушууларды өткөрүп, жаңы иштелип жаткан мыйзам долбооруна карата өзүнүн сунуштарын айтууда. Алардын катарында, тендерге катышууну каалаган менчик жана чет өлкөлүк компанияларга мүмкүндүк берүүчү, көз карандысыздыкты камсыздоочу жана коррупцияны оолактатуучу жоболорду иштеп чыгуу сунуштары айтылды. Ал эми өкмөттүн алдындагы Мамлекеттик сатып алуу жана материалдык резевдер боюнча мамлекеттик комиссиянын өкүлү Сыргак Үмөталиевдин айтымында, даярдалып жаткан жаңы мыйзам долбоору Европа Биримдиги баш болгон эл аралык уюмдардын талаптарына ылайыкталууда. Долбоор адегенде коомчулуктун кеңири талкуусуна коюлуп, андан соң Жогорку Кеңешке сунушталат. Долбоорду комиссия келерки жарым жылдыкта Мыйзам чыгаруу жыйынына сунуш кылууну көздөп жатат.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG