Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:06

Британиянын эл аралык өнүктүрүү министри Кыргызстанга келет


БИШКЕК. Британиянын эл аралык өнүктүрүү министри Клер Шорт айым 5-6-майда Ош шаарында иш сапары менен болот. Бул Британиянын мындай даражадагы министринин Кыргызстанга келе турган алгачкы иш сапары болмокчу. Ошто ал президент Аскар Акаев, премьер-министр Николай Танаев менен жолугушуп, кыргыз өкмөтүнүн жакырчылыкты азайтуу жана башка багыттар боюнча аткарып жаткан иштери туурасында пикир алмашат. Англиянын министри Ошто өтө турган регионалдык экономикалык форумдун ишине да катышат. Клер Шорт айым Ташкенде өтө турган Европа Өнүктүрүү жана Реконструкциялоо Банкынын жылдык жыйынына катышкандан кийин Ошко келмекчи. Бул тууралуу бүгүн Британиянын Эл аралык өнүктүрүү министрлигинин Бишкектеги өкүлчүлүгү кабарлады. Өкүлчүлүк Кыргызстанда 1997-жылдан бери иштеп жатат.

XS
SM
MD
LG