Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:25

Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Канадага бармак болду


БИШКЕК. Канада парламентинин чакыруусуна ылайык 11-майда бир апталык иш сапары менен Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу жыйынынын төрагасы Абдыганы Эркебаев жетектеген парламенттик делегация Канадага барат. Делегациянын курамында депутаттар Ташболот Балтабаев, Закир Шарапов, Асан Раимкулов бар. Бул тууралуу бүгүн парламенттин маалымат кызматынын башчысы Эмил Ниязов билдирди. Кыргызстанга Канада сенатынын спикери Гиллдос Молдат жетектеген делегация 1998-жылдын октябрында келип, бул иш сапарынын учурунда делегация Кумтөрдөгү алтын-кен комбинатына барган. Ал эми кыргыз өкмөтү канадалык «Камеко» ишканасы менен Кумтөр алтын кенин иштетүү боюнча келишимди 90-жылдардын башында түзгөн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG