Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:32

Европа өлкөлөрүнүн ЕККУдагы элчилерине Кыргызстандын эркин маалымат каражаттарынын өкүлдөрү өз көйгөйлөрүн айтышты


БИШКЕК. Франция, Швеция, Норвегия, Болгария жана Ирландия мамлекеттеринин Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмундагы элчилери бүгүн Бишкекте бейөкмөт уюмдардын, массалык маалымат каражаттарынын жана саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолугушту. Маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен «Пинара» мейманканасында болгон жолугушууда өлкөдөгү эркин массалык маалымат каражаттарына жасалып жаткан кысым жөнүндө сөз болду. Журналисттер Александр Ким, Рина Приживойт «Моя столица», «Кыргыз ордо» гезиттеринин сот бийлиги аркылуу кысымга учурап жатканын айтышты. Ал эми «Пирамида» телеканалынын журналисти Александр Кулинский, бийлик ага кысым жасаганын токтотпосо, Батыш өлкөлөрүнүн биринен саясий башпаанек суроого мажбыр болоорун жарыялады. «Алмаз» радиосунун жетекчиси Рустам Кошмуратов радио жыштыктарына жаңы тендер уюштуруу менен эркин радиолордун ишмердүүлүгүн токтотуу аракети көрүлүп жатканын билдирди. Айрым журналисттер Батыштан келген дипломаттарды «саясий турист катары гана келип-кетип жүрөсүңөр» деп айыпташты. Элчилер Кыргызстандагы кырдаал менен таанышкандыгын, бардык маселелер алардын иш сапарынын жыйынтыгы боюнча бериле турган отчетторунда камтылаарын белгилешти.

XS
SM
MD
LG