Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:36

ӨЗБЕКСТАНДА ЭКС-ПРЕЗИДЕНТ ТУУРАЛУУ МЫЙЗАМ ДОЛБООРУ КАБЫЛ АЛЫНЫШЫ КҮТҮЛҮҮДӨ


Бакыт Аманбаев, Прага Өзбекстандын президенти Ислам Каримов келечекте өзүнүн ыйгарым укуктарын азайтып, парламенттин жана өкмөттүн бийлигин чыңдай тургандыгын жарыялады. Ошону менен бирге эле ал экс-президент тууралуу мыйзам долбоору даярдалып, парламенттин кароосуна жөнөтүлгөндүгүн маалымдады. Жаңы мыйзам долбоорун өзбек оппозициясы кескин сынга алууда.

Борбордук Азиядагы эң авторитардык башкаруучулардын бири Ислам Каримов жакында журналистерге маалымат жыйынын өткөрүп, келечекте мамлекет башчынын айрым ыйгарым укуктары башка бийлик бутактарына бериле тургандыгын айтты:

- Өзбек Конституциясынын 89-беренесиндеги Өзбекстандын президентине берилген ыйгарым укуктар толугу менен өзгөртүлөт. Анын экинчи бөлүгүндөгү президент бир эле мезгилде министрлер кабинетинин башчысы деп жазылган жери алынып салынат.

Андан аркы сөзүндө мамлекет башчы Конституцияга мындай өзгөртүүлөр Өзбекстандагы демократиялык өзгөрүштөргө өбөлгө түзүү үчүн жасала тургандыгын кошумчалады. Бирок ал мындай өзгөртүүлөр качан болоорун маалымдаган жок.

Эми Ислам Каримов тарабынан өлкө парламентине сунушталган экс-президент тууралуу жаңы мыйзам долбоорунун мазмунуна кыскача токтолуп кетели. Аталган мыйзамга ылайык экс-президентке кол тийбестик укугу берилген. Тагыраак айтканда, кызматтан кеткен мамлекет башчысы суракка, тинтүүгө жана камакка алынбайт. Мындан сырткары президент жана анын үй-бүлө мүчөлөрү мамлекеттин эсебинен бекер камсыздалып, кайтарууга алынат. Ошону менен бирге эле экс-президенттин учурдагы Ташкендин сыртында жайгашкан резиденциясы да анын карамагында калаары жазылган.

Аталган мыйзам долбоору жакын арада парламенттин кароосуна коюлат. Айрым эксперттердин айтымында, учурдагы Өзбекстандагы саясий кырдаалды эске алганда, өлкө парламенти мындай мыйзам долбоорун эч тоскоолдуксуз кабыл алышы турган иш.

Ошондой болсо да буга карата Өзбекстандагы айрым оппозициячыл маанайдагы саясий партия, адам укугун коргоо уюмдарынын пикилерин угуп көрсөк.
Маселен, Өзбекстандагы “Эрк” саясий партиясынын жетекчиси Отаназар Ориповдун (Otanazar Orifov) пикири төмөндөгүчө:

- Мындай мыйзам болочок президенттин ар кандай кылмыштарды жасоосуна өбөлгө түзөт. Анткени ал бийликтен түшүп калганда өзүнүн мурдагы жасаган иштери боюнча суракка алынбасын билет.

Ал эми Өзбекстандагы Адам укуктарын коргоо уюмунун башчысы Талиб Йакубов Tolib Yakubov) аталган мыйзам долбоору тууралуу төмөндөгүдөй пикирин ортого салды:

- Мен дүйнөдөгү эң жаман диктатордук өлкөдө да экс-президенттин өзүнө жана өз үй-бүлө мүчөлөрүнө мынчалык ыйгарым укукту алып алганын уккан эмесмин. Мындан сырткары, азыркы президентке шаардын сыртындагы резиденцияны менчикке берүү туура эмес.

Айтмакчы, экс президент тууралуу мындай мыйзам Борбор Азия өлкөлөрүндө Өзбекстанда эле биринчи кабыл алынган жери жок. Алгачкылардан болуп мындай мыйзам Түрмөнстанда андан соң Казакстан, Кыргызстанда кабыл алынган. Ал эми Тажикстан президенти жакын арада мына ушул максатта өлкөнүн баш мыйзамын өзгөртүү киргизүүгө камданууда.
XS
SM
MD
LG