Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:14

ТҮРКИЯНЫН “ГАЗ ОЮНУ”


Түркия Россиядан “Көгүлтүр агын” боросу аркылуу газ алууну токтотту. Натыйжада, Кара деңиздин астынан өткөн кымбат баалуу газ боросу 1 ай пайдаланылбай жатып жумушсуз калды.

Түркия быйыл 20-февралда ишке киргизилген “Көгүлтүр агын” боросу аркылуу Россиядан келген газды сатып алууну токтотту. Бул кадам бир жагынан ырасмий Анкаранын экономикалык саясатына шек туудурса, экинчи жагынан баасы 3,2 миллиард долларлык боро зарыл беле деген суроону жаратат.

Россиянын Газпром корпорациясы 25-апрелде билдиргенге караганда, Түркия “көгүлтүр отундун” баасы өтө эле кымбат деп, эл аралык жоболорго ылайык түзүлгөн келишимдин шартын аткаруудан баш тарткан.

Түркия “Көгүлтүр агындан” газ алуу боро иштей баштагандан үч жума өтпөй, 12-мартта токтотулганын тастыктады.

Айрым бөлүктөрү деңиз астынан 2100 метр тереңдикте өткөн жана үч жылда курулган борону Италиянын ENI мунай компаниясы менен Газпром инженерлердин ийгилиги катары баалашкан.

Анкара, макулдашылган шартка жараша, газды алгандан кийин гана анын акысын төлөйт. Ага карабастан Түркиянын газдан баш тартуусу долбоордун коммерциялык ийгилигинен күмөн санатат.

Талдоочулар акыркы бир нече жылдан бери Түркия өзүнүн газга болгон керектөөсүн ашыкча көбөйтүп көрсөтүп жүргөнүн эскертип айтып келишкен.

Былтыр да Түркия Ирандын газын сапатсыз деп сатып алууну токтотуп коюп, Тегеран “көгүлтүр отундун” баасын арзандаткандан кийин гана, аны кайрадан сатып ала баштаган.

Түркия август айында “Көгүлтүр агын” аркылуу Россиядан газды кайра алам деген ниетте.

Талдоочулардын айтымында, Анкаранын газ рыногундагы соңку жылдардагы жүрүм-туруму менен экономикалык иликтөөлөр, Түркия Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки өтө оор экономикалык кризистен оңоло албай жатканын күбөлөйт.

Алсак, Түркия өткөн жылы да Болгария аркылуу Россиядан келчү газдын наркын төмөндөтүү аракетин жасап, бирок Газпром баа эл аралык келишимдердин негизинде орнотулганына шылтап, өтүнүчкө макул болбой койгон.

Түркия кышты чыгарып туруп, газды керектөө кыскарган мезгилде “Көгүлтүр агындан” газ алуудан убактылуу баш тартып, Россиянын газдын наркын арзандатпай койгонуна каршы чара көргөндөй.

Эл аралык рынокто мунай кымбаттап кеткенге байланыштуу Газпром газдын баасын жогорулаткан болчу. Демейде, газдын баасы мунайдын баасынан алты-тогуз ай кийин барып өзгөрөт.

“Эркин Европа/Азаттык” радиосунун отун энергетикасы боюнча адистешкен талдоочусу Майкл Леливелд Анкаранын “газ оюну” Түркиянын жаңы өкмөтү карманчу стратегиянын туундусу деп санайт.

Түркиянын энергетика министри Гилми Гүлер апрель айынын башында болгон түрк парламентинин сессиясында “Көгүлтүр агындан” келген кымбат баадагы газды сатып алып, өлкө 196 миллион доллар чыгаша тартканын айтып: “Өлкөнүн Россиянын газына болгон көз карандылыгын кыскартуу Түриянын жаңы өкмөтүнүн стратегиялык максаты”,- деп жарыя кылган. Анын сөзүнчө, келерки беш жылда Түркиянын ички рыногундагы россиялык газдын үлүшү азыркы 70 проценттен 30 процентке чейин азайтылат.

Тармактык “Российская энергетика” жаңылыктар бюллетени жазганга караганда, Түркиянын Россиядан газ алууну кыскартуу планы, Анкара менен мурда түзүлгөн келишимдерди бузат жана россиялык газ өндүрүүчүлөрдүн Түркияга керектөөсүнө эсептелген болочок пландарын ойрон кылат.

XS
SM
MD
LG