Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:56

ЧАЛА ИШТЕЛГЕН МЫЙЗАМДАР КОРРУПЦИЯГА ӨБӨЛГӨ БОЛУУДА


Бүгүн «Кабар» агенттигинде Европа Биримдигинин мамлекеттик сатып алуу иштери боюнча эксперти, Франциянын жараны Франсуа Серре баштаган адистер журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда Кыргызстан менен Европа Кеңешинин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты арттыруу жолундагы орунттуу маселе – Кыргызстандын «Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамындагы кемчиликтерди оңдоо экендиги белгиленди. Талдоочулардын айтымында, аталган мыйзамдын чийкилиги Кыргызстандагы коррупцияга ыңгайлуу шарт түзүүдө.

Жыйында Кыргыз Республикасы менен Европа Биримдигинин ортосундагы өнөктөштүк жана кызматташтык боюнча долбоордун жетекчиси Кароли Атилла Шоуш «Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жаатындагы иштердин манисин чечмеледи. Анын айтымында, жасалып жаткан аракеттер Кыргызстан менен Европа Биримдигинин ортосундагы соода-экономикалык байланыштарды чыңдоого багытталып жатат.

- Биздин долбоордун максаты - Кыргызстандын экономика багытындагы мыйзамдарын Европа Биримдигинин укуктук-нормативдик стандарттарына жакындатуу болуп саналат. Бул иштер Кыргызстан менен Европа Биримдигине кирген мамлекеттердин ортосундагы сооданы жандандырууга оң таасирин тийгизет деген ойдобуз, - деди Кароли Атилла Шоуш.

Европа Биримдигинин мамлекеттик сатып алуу иштери боюнча эксперти Франсуа Серренин маалымат жыйынында айтканына караганда, Дүйнөлүк Соода Уюмунун жана Европа Биримдигинин алдында алган милдеттерин аткарыш үчүн Кыргызстан мамлекеттик сатып алуулар системасын жакшыртууга тийиш:

- Ал үчүн «Товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү» мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизип, ачык тендер өткөрүп, таза келишимдерди түзүүгө жетишүү зарыл.

Франсуа Серренин айтымында, Кыргызстандагы экономикалык мамилелерде дале болсо мамлекеттин кийлигишүү ролу күч. Евробиримдиктин талдоочусу мисал катары Өкмөт алдындагы мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв боюнча мамлекеттик комиссия өткөргөн тендерлерде жеке фирмаларга караганда мамлекеттик компаниялар көп утаарын белгиледи. «Мыйзамдын Евробиримдиктин талаптарына туура келбеген дагы бир жагы – тендерлерге катышуудагы чет өлкөлүк компанияларга жасалган тоскоолдуктардын көптүгү», деди ал.

Өкмөт алдындагы мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв боюнча мамлекеттик комиссиянын башкармалыгынын башчысы Сыргак Үмөталиев мыйзамдагы чет өлкөлүк компаниялардын тендерге катышуусун чектеген жоболор өзгөрөөрүн белгиледи.

- Буга окшогон бир катар алымча-кошумчаларды даярдап койдук. Аларды алгач товарларды сатуучу жана кызмат көрсөтүүчү компаниялардын жана фирмалардын сынына коюбуз, “тегерек үстөлдөрдү” өткөрөбүз. Андан кийин Дүйнөлүк Банкка көрсөтүп, жактырылса өкмөткө киргизебиз да, андан соң Жогорку Кеңешке сунуштайбыз.

Анын айтымында, өлкөнүн өз өндүрүшчүлөрүн коргоо максатында тендер учурунда чет өлкөлүк компаниялар 20% көп каражат сарптай турган шарт сакталып калмакчы.
Айтмакчы, Өкмөт алдындагы мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резерв боюнча мамлекеттик комиссия казына акчасынын 4 млрд. 700 миллион сом каражатын кармап турат.

Жогорку Кеңештин депутаты Акылбек Жапаров сөз болуп жаткан мыйзам Кыргызстандагы коррупциянын тамырлап-өсүшүнө шарт түзгөн чабал мыйзамдардын бири болуп калгандыгын айтып, казына акчасын канталамайга айлантып, жемкорлукка өбөлгө болгонун белгиледи:

- Мыйзамды кабыл алып жатканда «коррупцияга каршы күрөшөлү» деген ниет менен бир катар жоболорду киргизгенбиз. Тилекке каршы, дале болсо кемчиликтери көп. Алсак, мамлекеттин миллиондогон сом каражаттарын «тендер» деген шылтоо менен министрликте, комитеттерде иштегендер өздөрүнүн эле үй-бүлөлүк фирмаларынын эсебине которуп, коррупция өсүп кетти. Айыл чарбасындагы абалды болсо жакшы билесиңер: жыл сайын эгинди, картошканы, төө буурчакты саталбай, дыйкандар ыйлап эле жүрүшөт. Өзүбүздө антип айыл чарба продуктулары арзан болуп жатса, чет өлкөлөрдөн кымбат баага ошондой эле продукт сатып келишет. Бул акча жемейдин эле бир белгиси. Ошондуктан мен Евробиримдиктин бул демилгесин колдойм – мыйзамды түп-тамырынан бери өзгөртүү керек.

Депутаттын мындай сөзүн «Демократия жана жарандык коом үчүн» бейөкмөт уюмдар коалициясынын директорлор кеңешинин төрагасынын орун басары Михаил Корсунский минтип колдоду:

- Бул мыйзам менен иштеш өтө кыйын. Мыйзамды жазгандар помидорду, бадыраңды, картошканы да, курулуш иштерин да бир эле мыйзам менен сатуу мүмкүн эместигин эске алышкан эмес. Мен бир катар адистер менен кеңешип туруп, бул мыйзамга өзүмдүн 15 толуктоомду сунуш кылгам. Азыркы өкмөт башчысы аны жакшы билет. Бирок менин мындай сунуштарыма кулак түрбөй келатышат. Бул мыйзам - жемкорлордун чөнтөгүн толтурууга иштеген мыйзам.

Анын кошумчалаганына караганда, мыйзам боюнча ар бир эле мекеме-уюм акчасы болсо да, болбосо да тендер жарыялай берет. Анысы аз келгенсип, эч бир мааниси жок кагаздарды эле тендердин катышуучуларына документ катары сунуштап, акысына деп 5-10 миң сомдон алып калмай адат болуп калган. Ал акчанын болсо кайда кетип жатканы белгисиз.

Айтмакчы, Михаил Корсунский тендер өткөрүүдөгү ушуга окшогон кемчиликтерди «Моя столица-новости» гезитине жазып чыккан болчу. Өкмөт башчысы Николай Танаев макаланын авторун сотко берип, гезиттен жана Михаил Корсунскийден баш-аягы 17,5 миллион сом айыппул талап кылууда.
XS
SM
MD
LG