Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

ИРАКТЫ КАЛЫБЫНА КЕЛТИРҮҮ АНЫ ЖЕҢГЕНДЕН АЛДА КАНЧА КЫЙЫН БОЛОТ


Баян Жумакадыр кызы, Прага 1-майда (Кыргызстан убактысы боюнча бүгүн эртең менен) президент Жорж Буш Ирактагы аскердик операция негизинен аяктаганын жарыя кылды. Ошону менен бирге ал Кошмо Штаттардын алдында Иракта тартип менен демократияны орнотуу боюнча опол тоодой милдеттер тургандыгын да билдирди.

Перс булуңундагы аскердик өнөктүктөн Калифорнияга кайтып келген “Абрахам Линкольн” аскер кемесинде сүйлөгөн сөзүндө президент Жорж Буш негизги аскердик иш-чаралар Иракта аяктап калгандыгын билдирди. Ал Иракка каршы аба чабуулдарын жүргүзүп келген аскер кемесинин деңизчилерине берилгендик менен кызмат өтөшкөндүгү үчүн ыраазычылыгын айтты.

Президент Иракта тартипти жана демократияны орнотуу боюнча алдыда өтө татаал иш тургандыгын да баса белгиледи:

- Биз Ирактагы өтө татаал иштин өтөлүнө чыгуубуз керек. Өлкөнүн өтө кооптуу чөлкөмдөрүндө тартип орнотууга милдеттүүбүз. Биз эски режимдин кылмыштары үчүн жоопко тартылууга тийиш болгон кишилерди издеп жатабыз. Америкалык аскерлер өлкөнүн аймагында катылган химиялык жана биологиялык куралдарды издеп жатышат жана бизге андай куралдар бар деген жүздөгөн шектүү жерлер маалы болду.

Анын аралыгында Ирактагы америкалык аскерлер согушта кыйрап калган чарбалык инфраструктураны калыбына келтирүүнү улантып жатышат. Америкалык тараптын маалыматына караганда, Багдад шаарынын 80 процентке жакыны азыр электр кубаты менен күнүнө бери дегенде бир нече саатка камсыз кылынып жатат. Шаар үйлөрүнүн 70 процентине таза суу жибериле баштады.

Ардагер генерал Жей Гарнер баштаган Американын убактылуу администрациясы өлкөнүн жаңы түзүлө турган 23 министрлигине талаптанып жаткан кишилер менен сүйлөшүүлөрдү өткөрүп, убактылуу өкмөттү түзүүнүн ыкчам камылгаларын көрүп жатат. Ошону менен Гарнердин акимияты Саддам Хусейндин режиминин учурунда атуулдук кызматтарда иштеп келген адамдарды кайрадан өз жумушчу орундарына кайтууга үндөөдө. Акимият күнүмдүк турмуштун калыбына келип, тейлөө тармагынын ыраатуу иштешине почта, телефон, коомдук транспорт, мектептер жана башка окуу жайлардын кызматкерлери, коммуналдык тармактын жумушчулары менен техниктери, кыскасы, тейлөө тармагынын миңдеген адистеринин жардамына муктаж экенин түшүндүрүп жатат. Жей Гарнердин утурумдук акимияты карапайым ирактыктар менен сандаган жолугушууларды өткөрүп, элдин муктаждыктары менен суроо-талаптарын угууда.

Саддамдын калган-каткан тарапкерлеринин каршылык көрсөтүүсүн басып, өлкөдө тынчтык менен тартипти орнотуу максатында азыр Иракта 150 миң америкалык солдат кызмат өтөөдө. Алардын 12 миңи Багдадда аракеттенүүдө. Ирактын полициясына жардам берүү үчүн азыр өлкөгө америкалык аскердик полициянын 4000дей кызматкери келе жатат.

Бирок Иракта тартипти орнотуу иштери чоң кыйынчылыктар менен коштолуп жүрүп жатат. Аскерлер менен Хусейн режиминин чар жайыт кагылышуулары күн сайын орун алууда. Карапайым ирактыктардын ичинде сандаган куралчан адамдар бар экени, алар кылмыштуу топтор менен бирге ансыз да тонолуп бүткөн өлкөнү карактоону жер-жерлерде улантып жатышканы кабарланууда. Баш аламандыкка нааразы болгон калк жер-жерлерде күн сайын антиамерикалык демонстрацияларды өткөрүп жатат.

Саналуу күндөрдүн ичинде жумушсуз калып, иренжиген жүздөгөн билимдүү адамдар кесиптештери менен эртеден кечке чайканаларда убакыт коротууда. Ошондой атуулдардын бири, иши жок калган адвокат Назар ат-Табакчали чет элдик журналистке, Хусейндин режими катаал болгону менен, анда тартип болгонун айтып, өлкөнү баш аламандыктын жарына түрткөн америкалыктарга катуу нааразы экенин айткан.

Америкалык аскерлердин өлкөдөн биологиялык жана химиялык куралдарды табуу аракеттеринен да майнап чыга элек. Канкор режимдин башчысы Саддам Хусейн уулдары Удай жана Кусай менен жер түбүнө түшүп кеткендей жок болууда.

Американын Ирактагы убактылуу акимиятынын Ирактын мунай кендерин иштетип, андан түшкөн каражаттарды өлкөнүн керектөөсүнө жумшоо долбоору да оңой-олтоң ишке аша койбочудай. Мунай ишканаларынын кеңселери таланып кеткени аз келгенсип, мунай түтүктөрү менен жабдуулардын ири бөлүгү көптөн бери дурус ремонт болбогондуктан иштен чыгып калган. Ирактын түштүгүндөгү Румейла деген эң чоң мунай кенин калыбына келтирүү үчүн эле төрт ай керек болот. Эл аралык байкоочулардын айтымында, Иракты калыбына келтирүү аны согушта жеңгенден алда канча кыйын болоору ырасталып жатат.

XS
SM
MD
LG