Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

КОЛДО БАР АЛТЫНДЫН БАРКЫ ЖОК


Кыргызстанда спортчуларга жакшы шарт түзүлбөгөндүктөн чет өлкөлөргө кетип калуусу адатка айланып баратат. Кийинки эки жылдан бери кыргыз жигиттери да башка мамлекеттерге кетүүгө аргасыз болууда. Бокстан Алмаз Райымкулов Америка Кошмо Штаттарына кетсе, балбан жигиттер Максат Бобурбеков менен Динарбек Асылбек уулу Казакстанга баса беришкен. Кыргызстандык оор атлет, Азия чемпиону Бакыт Ахмедов да Казакстандын намысын коргоп жүрөт. Ал Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн XIV Азия оюндарында Казакстанга 3 алтын медаль жеңип берген.

Оор атлетика боюнча Кыргызстандын тандалма командасында Бакыт Ахметов 8 жыл бою өлкөбүздүн намысын коргоду. Жаштар арасында ал Азиянын рекордун жаңыртып, Азиянын чемпиондугун эки ирет жеңип алган. Кыргызстандын чемпиондугун 7 жолу утуп, 3 жолу Кыргызстандын эң мыкты спортчусу аталган. Сидней Олимпиада оюндарына да Бакыт Ахмедов Кыргызстандын туусун көтөрүп барып, намыс талашкан. Олимпиаданын алдында даярданууга жакшы шарт түзүлбөгөндүктөн ийгилик жарата алган эмес. Ошол Сидней Олимпиадасынан кийин Бакыт Ахмедовго көңүл бурулбай, алган стипендиясын да кыскартышып, мелдештерге жибербей, спорт жетекчилери ыза кылышкан.

Келечегинен көптү үмүткөр кылган Бакыт Ахмедовго шарт түзүлбөй, кароосуз калгандыктан, аны Казакстандын Оор атлетика федерациясы өздөрүнө чакырып, Чымкенттен үй берип, айына 1000 АКШ долларынан стипендия чектеп, жакшы шарт түзүп, камкордукка алышкан. Натыйжада былтыр Түштүк Кореянын Пусан шаарында өткөн XIV Азия оюндарында Бакыт Казакстанга 3 алтын медаль жеңип берген. Арадан 8 ай өткөндө Пусандагы жолугушуудан кийин Бишкектеги ата-энесине учурашканы келген Бакыт Ахмедовго жолугуп маектешкен элек.

Бакыт бул жолу кыргызстандык оор атлеттер, алардын келечеги, казакстандыктардын камкордугу, алдыдагы максаттары жөнүндө мындай деди:

- Пусандагы Азия оюндарында чемпион болгондон кийин казакстандыктар мени улуттук баатыр катары урмат-сый көрсөтүштү. Алдыма автомобиль тартуулап, Чымкенттен үй беришти. Бардык жерде урмат-сый көрсөтүштү. Эмки максатым - быйыл күзүндө дүйнө чемпионатында Афины олимпиадасына жолдомо жеңип алуу. Кудай буюрса даярдыктар жакшы. Жакында эле Чымкентте өткөн Казакстандын чемпионатында жана эл аралык мелдеште дүйнөлүк рекордго жаңы чек койдум. Жулкуп көтөрүүдө 195 килограммды багындырдым. Ал эми түртүп көтөрүүдө 210 килограмм оордукту көтөрө алдым. Эми олимпиадага жолдомо жеңип алсам, Афиныда алтын байге үчүн атаандашам. Мага казак спорт адистери жана Казакстандын спорт министри Даулет Турлуханов дагы үмүттөнүп, ишенип турушат. Мына ушул ишенимди актоого аракеттенем. Эң негизги тилегим – олимпиадалык чемпион болуу.

- Бакыт, Кыргызстанда жүрсөң мына ушул тилектериң орундалат беле? Кыргыз жергесинен кетүүгө эмне себеп болду?

- Биринчиден, жакшы шарт түзүп, камкордукка албай коюшту. Сидней Олимпиадасынан кийин 6 миң сомдук стипендиямды 2 миң сом кылып кичирейтип, аны да өз учурунда 3 ай бербей коюшту. 2 миң сом менен мыкты даярдык көрүүгө мүмкүн эмес. Бул каражат тамак-ашка да, жол киреге да, коммуналдык төлөмдөргө да жетпейт экен. Ошондуктан Казакстанга кетүүгө аргасыз болдум. Алар 2 жыл мелдештерге катышпасам да ай сайын миң доллардан стипендия төлөп, бардык шарт түзүп беришти. Эгерде Кыргызстанда жүрсөм анда Пусандагы Азия оюндарында байгеге да илинмек эмесмин. Бешинчи же алтынчы орунду ээлешим мүмкүн эле. Кыргызстандан спортсмендер гана кетпестен, мыкты спорт адистери да кетишкен. Казакстанга кеткениме эч өкүнбөйм. Алдыдагы чоң максаттарыма жол ачылып турат.

- Кыргызстанды эл аралык аренага таанытуучу жигиттер барбы? Себеби оор атлетика кыргыз жергесинде биринчи спорт эле. Каныбек Осмоналиев Олимпиада чемпиону болгондон кийин бул спортко кызыгуу күч алган. Ошол маанай азыр өкүм сүрүп турабы?

- Чынында Кыргызстанда таланттуу жигиттер арбын. Нарындан, Таластан, Ысыккөлдөн келген мыкты балбан жигиттерге жакшы шарт түзүлбөгөндүктөн багы ачылбай, ийгиликтерге жетпей аксап келатышат. Мурдагыдай оор атлетика спортуна көңүл да бөлүнбөй калды. Жакында Чымкентте өткөн Казакстандын чемпионатында кыргызстандык жигиттерден байгелүү орундарга жеткендер болду. Аларды көрүп турган казак адистери жогору баа беришти. Балдарга бир аз көңүл бурулса, алар Кыргызстанды эл аралык аренага таанытууга мүмкүнчүлүктөрү бар эле. Бирок, Кыргызстанда спортсмендерге көңүл бурулбай келатканы өкүндүрөт. Ушундай жагдай өкүм сүрсө, дагы далай спортсмендер кыргыз жергесин таштап кетиши мүмкүн.

- Спорттон башка дагы эмнеге кызыгасың?

- Бош убактымда досторум менен бильярд ойнойм. Ошондой эле жаратылышка чыгып, табиятка суктанып, аңчылык кылууну жактырам. Таза абада эс алуу жакшы таасирин тийгизет. Музыка угам. Бир аз китеп окуйм.

- Күнүгө канча тонна чоюн көтөрөсүң? Мындай оордуктарды көтөрүш үчүн чеберчилик талап кылынаары бышык, ошондой эле күч-кубат жана витаминдер да керектелет го?

- Чынында күнүнө эки маал машыгуу өткөрөбүз. Дем алыш күндөрү гана эс алууга шарт түзүлөт. Машыгуу учурунда күнүнө 25, 30 тонна оордук көтөрөбүз. Бул үчүн күчтүүлөп тамак ичүү зарыл. Кыргыздын тамак-ашынан эң кубаттуусу - жылкынын чучугу. Мындан тышкары кызыл, кара икраларды сөзсүз жеп туруш абзел. Организмди калыбына келтирүүчү витаминдерди да сөзсүз колдонуш керек. Мына ушундай учурда гана ийгиликтер болушу күтүлөт. Кээде эки-үч ай бою үй бетин көрбөй машыгууларда жүрөбүз. Ошол учурда үй-бүлөмдү Бишкектеги ата-энеме алып келип коём. Өзүм дагы алты айдан бери Бишкекке келе элек элем. Ата-энеме, досторума жолугуп, сагынычымды тараттым. Эми 8-майда Венгрияда өтчү эл аралык Гран-при турнирине катышууга жөнөп жатам.

Таланттуу балбан жигит Бакыт Ахмедов азыр 24 жашта. Баралына келип, баарын жеңип турган учуру. Өзү Талас облусунун Манас районундагы Көкдөбө айылында туулуп-өскөн. Оор атлетика менен 11 жылдан бери машыгып, эл аралык аренага таанылды. 1997-жылы Иранда өткөн Батыш Азия оюндарында коло байге уткан. Былтыр Түркияда өткөн студент жаштардын дүйнөлүк биринчилигинде алтын медалга арзыган. Колдогу алтындын баркына жетпей, учурунда колдоого албагандыктан, азыр Казакстандын Чымкент шаарында жашап, машыгууда. Кыргызстандын оор атлеттеринен Азия чемпиону Митал Шариповдун чеберчилигин жогору баалайт. «Эгерде Миталга жакшы шарт түзүлгөндө, кыргыз өңүн дүйнөгө таанытып, дүйнө чемпиону болмок» дейт.

Бакыт Бишкекке келгенде мурдагы достору менен бирге машыгууну көксөгөн. Бирок тилекке каршы Кыргызстандын улук машыктыруучусу Үсөнкан Майназаров буга каршы болуп койгон. Албетте, эл аралык деңгээлге жеткен Бакыт Ахмедов менен бирге машыгууну уюштурса, кыргыз балбандары гана утушка ээ болмок. Бакыт өз тажрыйбасын балбандарга үйрөтмөк. Ошентсе да Бакыт кыргызстандык атактуу оор атлет, СССРдин, дүйнөнүн чемпиону Сергей Ли менен биргелешип машыгып, аны устат катары урматтап, кеп-кеңештерин угуп жүрөт. Жакында кыргызстандык жигиттер Чымкент шаарында Казакстандын биринчилигинде ийгиликтерге жетишти. Алардын аракетин жогору баалаган казак адистери кыргызстандык Улан Молдодосовду да Казакстанга чакырып, «бардык шарт түзүп беребиз» деп убада кылышууда. Эгерде кыргыз спортсмендерине жакшы шарт түзүлбөсө, дагы далай спортсмендер башка өлкөлөргө кетип калышы толук ыктымал.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG