Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:41

Вашингтон менен Берлиндин мамилеси кайра жакшырууга тийиш


Бул тууралуу соода иштери боюнча америкалык атайын өкүл Роберт Зеллик билдирди. Ирак проблемасы боюнча Берлиндин позициясы эки тараптын алакаларына олуттуу зыян келтиргендигин белгилеп, америкалык өкүл ошол эле учурда өз ара кызыкчылыктар,баарыдан мурда экономикалык кызматташтык мүдөөсү Вашингтон менен Берлиндин алакаларын жакшыртканга өбөлгө болоруна ишенич билдирди. Зеллик Ирактагы согуштан кийин Берлинге келген америкалык биринчи ырасмий өкүл.

XS
SM
MD
LG