Бир катар эл аралык гуманитардык уюмдардын биргелешкен билдирүүсүндө ушундай деп айтылат. Ирактагы кырдаал билдирүүдө кооптуу жана арасат, ал эми айрым региондордо абдан кыйчалыш деп бааланат. Бүткүлдүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун баасында, эгер шашылыш финансылык жардам көрсөтүлбөсө Иракта медициналык система биротоло бүлүнүп бүтүшү мүмкүн. “Чек арасыз дарыгерлер” уюму Багдадда нормалдуу режимде иштеген бир да оорукана калбагандыгын белгиледи. Жаш балдардын абалы баштагыдай эле коркунучтуу, деп билдирди Балдар фондусу. Жума күнү ООН Иракка азык-түлүктөрдүн ири сандагы биринчи партиясын жеткирди.