Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:32

Элчилер кайтып кетишти


Бишкек. 30-апрелде Кыргызстанга таанышуу сапары менен келген Франция, Норвегия, Швеция, Болгария жана Ирландиянын Европа Коопсуздук жана Кызматташуу Уюмундагы элчилери бүгүн эртең менен Казакстанга жөнөп кетишти. Бул тууралуу ишембиде ЕККУнун Бишкектеги өкүлчүлүгүнөн кабарлашты. Сапарынын акыркы күнүндө элчилер жумуруяттагы саясий партиялардын өкүлдөрү жана Акыйкатчы менен жолугушту. Саясий партия лидерлери менен жолугушууда өлкөдөгү шайлоо системасы, адам укуктарынын сакталышы жана оппозициянын парламенттеги орду жөнүндө сөз болду. Оппозициялык маанайдагы партиялардын лидерлери эркин маалымат каражаттарын, оппозициялык саясий ишмерлерди куугунтуктоо жөнүндө маалымат беришти. Бул тууралуу Атамекен социалисттик партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди. Ал эми Акыйкатчы менен жолугушууда бул институттун калыптанышы, муктаждыктары жөнүндө сөз болду. Европа мамлекеттеринин элчилери 30-апрелден-3-майга чейин созулган сапары учурунда бийлик , оппозиция, маалымдоо каражаттары жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү менен жолугушуп, өлкөдөгү кырдаал боюнча кеңири маалымат алышты.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG