Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:51

Ташкенде Европалык банктын бир жылдык жыйыны башталды


Бүгүн Ташкенде Европадагы кайра куруу жана өнүгүү банкынын бир жылдык жыйыны башталды. Алтымыштан ашык өлкөнүн өкүлдөрү чогулган жыйынды өзбек президенти Ислам Каримов менен банк президенти Жан Лемьер ачты. Кыргыз президенти Аскар Акаев Ташкенге 4-майда келет. Жыйынды адам укуктарын урматтабаган Өзбекстанда өткөргөнү үчүн, бир топ эл аралык уюм европалык банкты сынга алган жана Лемьер 2-май күнү өзбек жетекчилигине кайрылып, аны коңшу өлкөлөр менен ачыгыраак кызматташууга чакырды. Адам укугун коргоочулардын айтымында, бул жыйынды Ташкенде өткөрүү - өзбек жетекчилигинин катаал саясатын колдоо катары кабыл алынышы мүмкүн.

XS
SM
MD
LG