Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:00

Ирактын мунай өндүрүшүн башкаруу боюнча кеңсе түзүлдү


Ирактагы убактылуу америкалык жетекчилик бүгүн өлкөнүн мунай өндүрүшүн башкаруу боюнча кеңсе түздү. Анын аткаруучу деректири болуп ирак жараны Тамир Гадбан дайындалды, ал согушка чейин өлкөнүн мунай министрлигинде пландоо бөлүмүн жетектеген. Жаңы мунай башкармалыгында координациялык кеңеш да түзүлдү жана анын төрагалыгына америкалык жаран Филип Кэролл, анын орун басары болуп болсо ирак жараны Фадел Отман дайындалды. Кэролл мурда "Шелл ойл" компаниясынын президенти болгон, Отман болсо согушка чейин Ирактын мамлекеттик мунай компаниясында иштеген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG