Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:33

РУМЫНИЯ “КОРРУПЦИЯНЫ” ТЫЙБАСА, ЕВРОСОЮЗГА ӨТПӨЙБҮ?


Үстүбүздөгү аптада Европа Биримдиги эскерткенге караганда, Румыния уюмга өтүүнүн шартын аткарам десе, биринчи кезекте өлкөдө кеңири жайылган коррупцияга каршы чындап күрөшүүсү зарыл. Апрель айынын баш ченинде АКШлык жана европалык ырасмий адамдар да коррупциянын кесири Румыниянын өнүгүүсүнө жолтоо болуп жатканын айтышып, румын өкмөтүн тиешелүү чара көрүүгө чакырышкан.

Март айынын акыркы күнү Румыниянын парламенти коррупцияга каршы күрөшүүгө багытталган мыйзамдардын топтомун кабыл алган. Өткөн жылы Коррупция менен күрөшүү боюнча улуттук прокуратура түзүлгөн.

Бирок, Румыниянын маалымат каражаттарынын билдиришинче, “колу булганч” өкмөттүк чиновниктердин мыйзамсыз жосундарын кенен-кесир иликтөөгө амалкөй бюрократчыл аппарат мүмкүндүк бербегендиктен, тергөөчүлөр ишти арачолодо токтотууга мажбур.

Ушундан улам эл арасында өкмөт “коррупционерлерсиз коррупцияга каршы күрөшүүдө” деген лакап кеп кеңири тараган.

Дүйнөнүн 102 өлкөсүндөгү коррупциянын абалын изилдеген Transparency International уюму 2002-жылдын жыйынтыгы боюнча Румынияны 77-орунга койгон. Бул баа Евросоюзга талапкер өлкөлөрдүн ичинен Румынияда коррупция өтө жайылып кеткен дегенди түшүндүрөт.

Transparency International уюмунун Түштүк Чыгыш Европадагы өкүлү Сара Монте “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берген интервьюда өлкө жөнүндө чет элдик ишкер адамдардын пикири жакшы болгону өтө маанилүү экенине көңүл бурат.

- Коррупциянын абалы өлкөгө капитал салуу мүмкүндүгүн издешкен инвесторлор менен ишкер адамдардын сөзүнүн негизинде да аныкталат... Сиз эгерде Румыния Евробиримдикке талапкер экенин эске алып, жагдайга кылдат көз салсаңыз, Румыния кырдаалды көзөмөлгө алуу үчүн дагы бир нече кадам жасоосу зарыл экенин көрөсүз.

Сара Монте айым паракорчулук, тааныш-билиштер аркылуу жумуш бүткөрүү, бюрократтык айла-амалдар өлкөдө чет элдик ишкерлер айткандан да кеңири тараган деп кооптонот.
Мындай тынчсызданууга толук негиз бардай.

Лондондо жайгашкан Economist Intelligence Unit изилдөө борборунун эсептөөсү боюнча, акыркы 13 жылда Румыниянын экономикасына чет элдиктер 9 миллиард доллар инвестиция салган. Жан башына алганда бул сумма 410 долларга тете. Ортолук жана Чыгыш Европа өлкөлөрүндө болсо орточо эсеп менен алганда жан башына 1600 доллар капитал салынган.

Румынияда коррупциянын кеңири жайылып кеткени Батыш өлкөлөрүн өзгөчө тынчсыздандырат.

28-апрелде Евробиримдиктин кеңейүү боюнча комиссары Гюнтер Ферхойген Румыниянын өкмөтүн коррупцияны бийликтин бардык деңгээлинде ооздуктап-тыйууга чакырды. Румыния ЕСке мүчө болуусу үчүн, башкы талап: өлкөдө коррупция тыйылышы абзел деп баса белгиледи Ферхойген.

Мурдараак Кошмо Штаттарынын элчиси Майкл Гест коррупция Румынияны шерменде кылып жатканын айтып, “бийликтегилер менен жакшы тааныш ишкерлердин мыйзамсыздыктарга чекит койчу катаал чараларды кабыл алууга эмне себептен каршы турушканын түшүнөм” деген.
Гесттин айтышынча, коррупция ири компанияларды менчиктештирүүгө жана казынага “суук колун салган” адамдарды жоопко тартууга да бөгөт болууда.

Еврокомиссиянын Румыниядагы өкүлү Жонатан Шииле да АКШлык элчинин сөзүн толук жактаарын билдирген.

Румыниянын Евробиримдик менен сүйлөшүүлөрдөгү делегат башчысы Василие Пускастын сөзүнчө, Батыш өлкөлөрүнүн жогорудагыдай билдирүүлөрү, алардын румын өкмөтү коррупцияга каршы көрүп жаткан чараларды жактаганын ырастайт.

- Батыштык ырасмий адамдар менен дипломаттардын бул сындуу кийлигишүүлөрү алар Румынияда учуруда коррупцияга каршы жүрүп жаткан аракеттерди колдошконун көрсөтөт.

Бухарестте иштеген Батыштык дипломаттар менен ишкер адамдардын айтымында, румын бийликтери үчүн азыр коррупцияга каршы күрөшүү боюнча кабыл алынган чараларды токтоосуз аткаруу өтө маанилүү.

XS
SM
MD
LG