Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

КЫРГЫЗДАРДЫ КЫЛЫМДАР САКТАП КЕЛГЕН КАСИЕТТИН БИРИ – СӨЗ УРМАТЫ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек Жыл сайын дүйнө коомчулугунда 3-май эларалык сөз эркиндиги күнү катары белгиленип келет. Бул күнү сөз эркиндиги үчүн кызмат өтөгөн журналисттердин өзгөчө эрдиги сөзгө алынып, эркин басылманын абалы талкууга алынат. Ал эми Кыргызстанда сөз эркиндиги жана эркин басылманын абалы кандай? Аталган маселе ар убак «Азаттыктан» айтылып келгенине карабай, бул ирет дүйнө коомчулугу белгилеп жаткан жагдайга дагы бир жолу кайрылууну туура таптык.

Адатта сөз эркиндиги тууралуу маселе көтөрүлгөн учурда бийлик тараптагылар Кыргызстанды кошуна Өзбекстан менен Түркмөнстанга салыштырып, эркин басылмалардын абалы алда канча жакшы деген пикирлерди айтышат. Албетте, эзелтен сөздү бапестеп, анын таасирин кан-жаны менен сезе билип, өзгөчө маани берип келген кыргыз калкы ал касиетинен али күнчө жазбай келет. Тоталитардык доордун тону жукарып, кайра куруу жараяны башталып, эгемендүүлүккө кадам ташталган алгачкы учурларда сөзгө карата тарыхый мамиле калыбына келип, натыйжада ал Борбор Азиядагы «демократиянын аралчасы» аталганы чын.

Бирок мезгил закымдап, шартка байланыштуу шаңдуу учур бат эле артта калып, жаңыдан жарык дүйнөгө келип, жерден боорун көтөрө баштаган эркин басылмалар сот тарабынан жабылып, Кыргызстанда абал чукулунан өзгөрө баштаганын да танууга болбойт. Ал эми эксперттердин айтуусуна кулак төшөсөк учурда эркин басылмалардын абалы эти шылынган көктөмдөгү көтөрөм малдын турпатын кийип калган.

Айрыкча эркин басылмаларга бийликтин катаал мамилеси шайлоо, референдум сыяктуу саясый окуялардын убагында күчөй баштайт. Эркин гезиттердин басылышына тоскоолдуктар болуп, сот өкүмү аркылуу биринин артынан бири жабылышы эч кимди таң калтырбаган катардагы окуяга айланды. Ал эми Акүй эркин басылмалардын жабылышына эч тиешеси жоктугун, сот ишине кийлигише албасын ар убак айтып келет. Мамлекет башчысы айткандай 80% элдин ишениминен кеткен сот бийлиги ар убак эркин басылманын үстүнөн өз өкүмүн өз алдынча чыгарып келгенин бышыктайт.

Өлкөдө сот өкүмү аркылуу ар кандай жазага кириптер болгон журналисттердин катары жылдан-жылга өсүп жатканын да эч ким жашыра албайт. Ушул жылы «Моя столица» менен «Кыргыз ордо» гезити сотто жеңилүүгө кириптер болгону ага ачык мисал. Эларалык коомчулук, Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалына кабатыр болуп, Бишкекте атайын Басма үйүн ачуу чечимге келгени алдыда бир топ ишенимди жаратып койгондой болду. Кыргызстандагы сөз эркиндигинин учурдагы абалы тууралуу Мыйзам чыгаруу жыйынынын депутаты Ишенбай Кадырбековго суроо салсак ал кабатырланганын жашырбады:

«Бүгүнкү телевидениeге толук бийлик монoполиясын орнотуп алды. Биртике башка үн чыгарайын деген сыналгыны бийлик жаап жатат. Газеталар болсо, бизде айрым бир жакшы газеталар бар эле. Оппозициялык газета деп айтчу элек, аларды болсо ар кандай жол менен бийлик өзүнө тартып алышты. «Кыргыз ордо» деген гезитти сот аркылуу жаап атат. Орус тилинде чыгуучу «Моя столицаны» болсо мына соттон-сотко, болгондо дагы, 1миллион 500 миң сомго катуу доо коюп соттоп атат да, ушул гезитти жабыш үчүн».

Мамлекеттик тил комиссиясынын төрага орунбасары Казат Акматов сөз эркиндигине карата башкача пикирде:

«Сөз эркиндиги, мына закондо айтылып атпайбы, сөз эркиндиги болгондуктан ар ким өзүнүн оюн айтууга акылуу. Туура, аны мен да колдойм. Биз али деле демократиянын балалык доорунда жүрүп атабыз. Он жыл деген – мөөнөт эмес тарыхка. Ушул балалык доордо ушундай өзүбүз кетирип жаткан кемчилдиктерде да түшүнбөстүктөр да болот экен. Ушул редакторлор, өзгөчө сак болуш керек экен да. Анан айтыш керек деп аша чаап сотко чейин жетпеш керек да».

Мына ушундай кайчы пикир эл арасында ар дайым болуп келген жана боло берээри да анык. Алдуулар ар убак бийлигине, байлыгына таянып тайманбай өз пикирин айткандарды душман санап, аларды кысымга алып келгени тарыхтан маалым. Тоо булбулу Токтогул Сатылганов ал үчүн ХIХ кылымда жети жылга Шиберге сүргүнгө айдалганы анын ачык далили. Бирок, кыргыз эли «Баш кесмек бар, тил кесмек жок» деп туура сөздү айтуудан тайманбай, азыркы түшүнүк менен айтканда, сөз эркиндигин туу тутуп келди. «Аккан арыктан суу агат» болуп, кыргыздардын кылымдар бою карманып келген принциптери демократия заманында жаңы баскычка көтөрүлүп, дүйнө коомчулугуна таанытчу ыйык касиеттеринин бири экени талашсыз. Жана кыргыз элин сактап келген да ошол касиети болгонун санжырачылар саймедирлеп айтып келет.
XS
SM
MD
LG