Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:32

ОН КОЙ ЖҮКТӨСӨҢ ҮЧӨӨН ТАШТА


Кожогелди Култегин, Ош Бүгүн Ош облустук юстиция башкармасы Тажикстандын Мургап районунан Ош, Карасууга көчүп келишкен этникалык кыргыздар менен алардын проблемаларын чечүүчү облустук кызматтардын жетекчилеринин жолугушуусун уюштурду.

Жолугушууну ачкан Ош облустук юстиция башкармасынын начальнигинин орун басары Рахман Таштанов миграция маселеси өлкөдө Советтер Биримдигинин таркашы менен күч ала баштаганын белгилеп келип, сөзүн төмөндөгүчө улантты:

- 1995-97-жылкы Тажикстанда болуп өткөн согуштун натыйжасында көптөгөн кыргыздар тарыхый мекенине - Кыргызстанга көчүп келе баштады. Согуш учурунда статистика боюнча 25 миңге жакын кыргыздар көчүп келген. Кыргыз Республикасы четөлкөлүк кыргыздар боюнча укуктук базаны чыңдоо, бул кыргыздардын тарыхый мекенине келип жашоосуна колдоо, жардам көрсөтүү боюнча көптөгөн укуктук нормативдик актыларды кабыл алды.

Түштүк аймактык миграция кызматынын башчысы Салима Исмаилованын маалыматы: «Азыркы күндө республика боюнча 16-17 миң гана качкын калды. Жалпы Ош боюнча айтсам, бүгүнкү күнү 153 үй-бүлө, 699 качкын калды».

Салима Исмаилова Мургаптан Ош жакка ооп келген кыргыздардын эмне үчүн Кыргызстандын атуулдугун, Кыргызстандын паспортун ала албайбыз деген маанидеги суроолоруна төмөндөгүчө жооп узатты: «Тажикстандан жаңы паспорт алгандар Рахмоновдун атына арыз жазышып, атуулдуктан чыгуусу керек. Экинчи тоскоолу –айрымыңыздар советтик эски паспорт менен жүрөсүздөр. Сиздерге атуулдугу жок деген справка берүү керек. Мындай кагаз бербегенден кийин, биздин мамлекетте сиздерге тоскоолдук чыгып, атуулдук берүү үчүн кыйынчылык болуп атат».

Андан кийин ал четөлкөлүк кыргыздарга Кыргызстандын атуулдугун берүүнүн жеңилдетилген жолу Жогорку Кеңештин кароосуна сунушталгандыгын кабарлады.

Элим, жерим, түп мекеним деп сырттан көчүп келген кыргыздардын көкүрөгүндөгү айрым көйгөйлөрүн угуңуздар. Кошмырзаев Абдыжапар аксакалдын сөзү:

«Бизди басмачы катары караган адамдар бар экен. Биз кыргызбыз, паспортубузда кыргыз деп жазылган. Паспортстолго барсам «Сенде эки сүрөт кем экен. Бул жакка да сүрөт чаптаганга 300 сомдон бересиң дейт. Кемпирим келип сүрөткө түшө албайт. Акыбалым ушундай. Бизге үлүш берет дейт. Анысы да жок. Кытайдан келген бир ит болсо, ошого да сөөк таштайт го».

Садыков Белекбай аксакалдын нааразылыгы: «Жер жокпу. Там сатып алганбыз 3 сотых жер. Мургапта малыбыз бар. Аны алып келатканда жолдогу бажыдан «10 кой жүктөсөң үчтү ташта, 5 кой жүктөсөң экини ташта» дейт. Облакимге келип арыздандым. Эмне деп жооп берет билбейм».

Ош облустук калкты жумуш менен камсыз кылуу башкармасынын төрагасы Ажыкул Ибраевдин маалымдамасы: «Убактылуу деген күбөлүк алсаңыздар, биз сиздерди 6 айга чейин иш менен камсыз кылганга акыбыз бар. 600-800 сомго чейин иш уюштуруп, акчаны төлөп беребиз. Араңыздарда атуулдук алгандарга биз чакан кредит беребиз».

Ажыкул Ибраевге Мамасадыков Орозмат аксакал суроо узатты: «Мен сизге кайрылганда көп эле жерлерге направление бердиңиз, барып көрүп өзүңүз билесиз, иш жок. Кирпич заводго бардык, жумуш жок. Көчө тазалайын десек аялдар көп. Экинчиден кредитти алабыз, кредитти алгандан мурун шапкасы (пара) деп коёт. Шапка өзүмдө жок, кайдагы шапке буга түшүнбөйм».


Ибраев: «Биринчи сурооңузга айтып атпайсызбы, иш боюнча жөнөткөндө ишке албайт деп. Азыр карасаңыз рынок шартында бардыгы акционердик, жеке менчик болуп калган. Мамлекеттик кызматка колунан кармап барып туруп «муну азыр аласыз» деген партиянын убагында болгон. Кредит боюнча «жел болбосо чөптүн башы кыймылдабайт» дегендей, бул болгон нерсе. Бул боюнча мен териштирүү жасайм. Анткени район аралык кредит берүү борбору менин алдымда түзүлгөн».

Жолугушууда Мургаптан келген кыргыздардын окууга кириши, сатып алган үйлөрүнүн катталышы, төрөлгөн балдарын каттоого алынышы, жер үлүшүнө ээ болушу сыяктуу бир катар маселелер боюнча конкреттүү жардам берүү жактары облустук тармактык жетекчилик тарабынан убада кылынды.
XS
SM
MD
LG